www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ислам мамлекети” террордук уюмунун лидери Абу Бакр аль-Багдадинин өлтүрүлгөнү тууралуу АКШнын билдирүүсүнө Орусиянын коргоо министрлиги ишенген жок. Тескерисинче, акыркы убакта АКШнын бир дагы абадан сокку урганын Орусиянын аскер аба күчтөрү каттабаганын эске алып, Багдадинин чындап өлгөндүгүн далилдөөнү расмий Вашингтондон талап кылды.

Маалыматтарга караганда, аталган органдын өкүлү Игорь Конашенков АКШ лидери башкы тероррчунун өлүмү тууралуу чындыкка дал келбеген билдирүү таратканын айткан. Анын пикиринде, Америка алыс аралыкта туруп алып, согушкерлерди башкаруу менен ал “операция” ийгиликтүү өткөнүнө ишендиргиси келип жатат. Мындан мурдараак, орус аскерлеринин көзөмөлүндөгү аймактан америкалык тик учактардын учуп өтүшүнө мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги жөнүндө Трамптын айткандары дагы тактала элек. Анткени, орус аскерлеринин бул операцияга катышкандыгы Орусиянын өзүнө да али белгисиз.

Эске сала кетсек, өткөн аптада, АКШ лидери аль-Багдадини жок кылганын жарыялаган. Ал ортодо расмий Вашингтон Трамптын опперацияга көз салып олтурган сүрөтүн жүктөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости