www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча соттук отурум өтүп жатат.
Бирок ага мурдагы премьер-министр Сапар Исаков келбей жаткан. Аны бүгүн айла жок, күч колдонуп алып келүүгө туура келди. Алып келгени менен кийин ал конвойдун бөлмөсүнөн чыгууда баш тарткан. Анын “дарты” модернизациялоо ишиндеги башка айыпталуучуларга дагы жугуптур.
Исаковдун артынан соттук отурумга мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев жана “Электр станциялары” ишканасынын Бишкек ТЭЦин модернизациялоо башкарма тобунун экс аткаруучу директору Темирлан Биримкулов бар.
Эми алардын бардыгын “дүңүнөн” соттук отурумга күч колдонуп алып келишет. Мындай чечимди Свердлов райондук соту чыгарды.
Булак: NazarNews.kg