www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү журналист Ырысбек Өмүрзаков Фейсбуктагы баракчасына сот отурумуна келүүдөн баш тартып жаткан саясатчылар боюнча өз пикирин жазып чыкты. Анын пикири толугу менен төмөндө:
“Айыпталуучу Исаков, Сатыбалдиев, Калиев, Авазов, Бримкуловдор Свердлов райондук сотунун сот залына келүү талабын аткаруудан баш тарткандыгы үчүн сот отурумуна күч менен алып келинген.
Айыпталуучулар көрсөтмө берүүдөн жана өзүнө каршы күбө болуудан баш тартууга укуктуу. Бирок, алар сот имаратынын ичинде болуп туруп, сот отурумуна катышуудан баш тартышкан. Судьялар оор кылмыштарды кылды деп айыпталып жаткандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын айтып, эми сотту сыйлабаганы жана Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексин четке каккандыгы үчүн “мыйзамдагы паракорлорго” сот кылмыш ишин козгого милдеттүү экендигин түшүндүрүштү.
Башка да вариант бар. Соттун демилгеси менен айыпталып жаткандардын жайгашкан жеринде жабык соттук отурум менен ишти карап чыгууга мыйзам мүмкүнчүлүк берет. Ошондой болсо деле, “Сотту сыйлабоо” жана “Соттун чечимин аткарбоо” беренеси боюнча милдеттүү түрдө кылмыш иши козголот. Мыйзам айыпталуучуларды чакырып, бирок алар жок болсо дагы эки жолу ишти кароого жол берет. Ошону менен катар, “Сотту сыйлабоо” жана “Соттун чечимин аткарбоо” беренеси боюнча милдеттүү түрдө кылмыш иши козголот.
А негизинен “мыйзамдагы ууру” менен “мыйзамдагы паракор” бири биринен эмнеси менен айырмаланат?..”, -деп суроо салат Ырысбек Өмүрзаков.
Булак: NazarNews.kg