www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баш прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү парламентке сунуштады.
Учурда бул маселени Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет карап жатат. Андан соң маселе жалпы жыйынга алынып чыгат. Депутаттар бул маселени карап, кылмыш ишин иликтөөчү комиссия түзөт.
Эл өкүлү Адахан Мадумаров журналисттер баш прокурордун сунушу парламентке бүгүн эртең менен түшкөнүн билдирди.
Эске салсак, Мадумаров буга чейин кыргыз-тажик чек арасында Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу протокол тууралуу Башкы прокуратурага бир нече ирет суракка чакырылган.
Булак: NazarNews.kg