www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 16- мартында кабыл алынган, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Мыйзамдын максаты көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззакович Раззаковдун ысымын түбөлүк калтыруу, улуттук идеологияны чыңдоо, улуттук, тарыхый салттардын жана баалуулуктардын негизинде жарандарды руханий-адептик тарбиялоону андан ары өркүндөтүүгө багыттоо болуп саналат, деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости