www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен окуяларында жабыркаган жарандар бир катар салыктардан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-30-апрелдеги окуяларда жабыркаган салык төлөөчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө чечим кабыл алынды. Баткен облусунда болуп өткөн окуялар "ал жеткис күчтүн жагдайлары" аныктамасына дал келет деп таанылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрга чейин жабыркаган ишкерлердин тизмесине киргендер (кенди кайра иштетүүчү, кен казуучу жана акциздик товарларды чыгаруучу ишканалардан, мунай продуктуларын сатуучу субъектилерден тышкары) төмөнкү салыктарды төлөөдөн бошотулду:

киреше салыгы;

пайда салыгы;

кошумча нарк салыгы (импортко карата кошумча нарк салыгынан тышкары);

сатуу салыгы;

милдеттүү патенттин негизиндеги салык;

ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;

бирдиктүү салык.

Ишкерлер 1-апрелден 30-сентябрга чейинки салык жана камсыздандыруу боюнча карыздарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга же бөлүп төлөөгө укуктуу. Ал үчүн салык органына арыз менен кайрылуусу керек. Бул аралык үчүн салык төлөөчүлөргө туум чегерилбейт. Анткен менен 28-30-апрелдеги окуялардын кесепетинен жабыркаган калктуу конуштардын аймагынан тышкары жайгашкан филиалдарга бул эреженин тиешеси жок.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягында болгон. Анда 36 кыргызстандык набыт болуп, 190 мекендеш жаракат алган.

Материалдык чыгым тууралуу айтсак, жаңжалда 220 объект, 138 үй талкаланган. Мунун айынан кыргыз тарап 1 миллиард 305 миллион сом зыянга учураган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости