www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөрдүн» мамлекетке өтүшү улуттук сыймык», - деди бүгүн, 8-октябрда NazarNews маалымат агенттигине Легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев

- Жамин агай, революциянын болгонуна туптуура бир жыл болуптур. Революциянын шарапаты менен бийликке келгендер бир жылда эмнелерди жасай алды?

- Убакыт учкан куш деген ушул экен. Октябрь окуясына заматта бир жыл болуптур. Бирок, жылдын ичинде көп нерсе өзгөрүлдү. Биринчи өзгөрүү Садыр Жапаровдун демилгеси жана саясий эрки, чечкиндүүлүгү менен 30 жылдан бери алалбай жүргөн «Кумтөрдү» мамлекетке алып андан түшкөн каражатты бюджетке салып, элдин турмушун жакшыртуу аракети көрүлө баштады. Бул өтө олутту жаңылык.

«Кумтөрдүн» мамлекетке өтүшүн улуттук сыймык десек да болот. Мен 30 жылдан бери бул маселеге аралашып жүрдүм. 1992-жылы Акаев маселе койгондо легендарлуу парламент алтын комиссиясын түзүп, анын төрагасы мурдагы жетекчибиз Турдакун Усубалиев болгон.

Акаевге «союз боюнча эң чоң кенди Канадага биротоло берип койгон болбойт, биз көбүрөөгүн алып, алар иштеткени үчүн азыраагын алсын» - деп Турдакун Усубалиевич сессияда сүйлөп, жазылганын колуна карматса да Акаев убакытты атайылап чоюп жатып, канадага барып ошол жактагы өкмөттөрдүн жардамы менен кол коюп, бизди ушундай тозокко салып кетти. Андан кийин Бакиевге да айттык. Ал да макул дегени менен аягында унчукпай баса берди.

Отунбаева, Атамбаевге да айттык. Атамбаев чынчыл киши болумуш болуп, «баарын кыйратам» - деди. Бирок, ал да унчукпай калды. Көрсө, бул маселенин бир эле себеби бар экен. Мурдагы президенттер, премьер-министрлер ал тургай Жогорку Кеңештин төрагалары да «Кумттөрдүн» кулу болуп калышыптыр. «Центеррага» сатылып кетишиптир. Кыргызстандык чиновниктер алтын, доллар алганы үчүн элди унутуп, алардын кызыкчылыгын талашып жүрүшүптүр.

Эл да сабырдуу болуп, «Кумтөр» жараткан маселелерди көтөрдү. Кесепеттерин ченебей тарты. Цианид куюлуп, канчалаган киши майып болду. Кыскасы, мурунку президенттердин, даражалуу кызматта отурган адамдардын азабынан эл жабыркады. Буюрса, мындан ары «Кумтөрдө» элдин кызыкчылыгын тепселеген жоруктарга жол бербейт. «Кумтөр» Кыргызстан үчүн кызмат кылат деп ишенем.

Баса, бир жыл ичинде Конституция кабыл алынды. Баштагыдай партлидерлер чалмакей чалган система жокко чыкты. Жоопкерчилик бир кишиге жүктөлдү. Кыскасы, Садыр Жапаровдун бир жылы текке кеткен жок. Орундуу иштерди жасап, орчундуу маселелерди чечүүгө жумшады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости