www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Америкада жашаган Динара Самет, белгилүү саясатчы Жылдызкан Жолдошова акча талап кылганын жазып чыккан эле. Ага жооп катары Жолдошова пикирин төмөнкүчө билдирди. 

"Урматтуу мекендештер, өзү "жинди чалыш" (ненормальный" адамга көңүл бурбай койгон оң... Бирок, тилекке каршы, ошондой "адамдарга" кээде коомчулук ишенип алат экен. Ошондуктан жооп берип коёюн.

Америкада жашаган, бир Динара Самет деген "келесоого" окшогон аял бар экен, өзүн акылдуу сезген. О.э. жалганды желдей тараткан... Бул аялды мен тааныбайт экемин, өмүрүмдө көргөн эмесмин. Бүгүн бир видеосу чыгыптыр, жөн эле "тантырайт", "Республика Ата-Журт" партиясынын лидери кылып коюптур мени.

Экинчиден, бир туруп менин фамилиямды Джолдошбекова, Джолдошбаева дейт... Анысы аз келгенсип 2013-жылы 40 миң доллар сурады "Республика Ата-Журт" партиясынын лидери катары дейт. Мен өмүрүмдө бир партиянын лидери болгон эмесмин, "тем более"  "Республика-Ата-Журттун". Ушул жашка чыгып, бирөөдөн "бир тыйын" алган жокмун жана "бирөөгө бир тыйын" берген жокмун.

Анткени, Советтер Союзу бизге ушундай тарбия берген. Экинчиден сотторду партиялар тандабайт, жолдомо да беришпейт. Динара адвокатмын дейсиң, "элементарно" мыйзамды билбейт турбайсыңбы? Кыргызстанда Соттор Кеңеши бар, ошолор тандайт болочок сотторду.

Үчүнчүдөн "былжырап" сүйлөп жатасың Ташиевдин, Жапаровдун балдары мени коркутту деп, 2013-жылы алар мектепте окуган балдар болчу. Алар сени кантип коркутат? Динара, сен ойлойт окшойсуң, Америкада олтуруп алып, "сасый" берсем Кыргызстандыктар ишенет деп.

Жаңылышасың, сага окшогон "аферист", "жинди чалыш", "келесоо", элин, жерин сүйбөгөн, "саткын" адамдарды Кыргызстандыктар таамай ажырата билишет жана ишенишбейт. Менин оппоненттерим берген "заказды" да эптей албапсың, канча сом төлөп беришти, мени каралаганың үчүн? 40 миң долларбы?

Байкуш десе, сага окшогондорго бооруң ооруйт... Кой андан көрө Динара "лечись, пока не поздно". Америкага привет передай", - деп жазган белгилүү саясатчы Жылдызкан Жолдошова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости