www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-мартта, Баткен шаарынын борбордук стадионунда Нооруз майрамына карата 1 тонналык сүмөлөктү кайнатуу иши башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.

Алгач атайын ырым-жырым кылып, майга нан бышырылды. Сүмөлөктү кайнатуу учурунда жалпы кыргыз элин кешик ырыскысы бир казандап даам сызып, бир түндүктүн алдында биригип, кыргыз элинин ынтымагын жана биримдигин тиленип, жети дубандын жана эки шаардын суусу куюлду.

Нарындын Көкөмерен суусу, ордолуу Оштун Ак-Буура дарыясынын, Ысык–Көлдүн суусу, Жалал-Абаддан Көк-Арттын, Чүй облусунун, Талас облусунун, Бишкек шаарынын Ала-Арча суусу жана Баткен облусунун Козу-Баглан суулары коюлду.

Салтанаттуу жана ырым-жырым коштогон иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда башталды.

Ага манасчылар, төкмө акындар, белгилүү өнөр адамдары жана “Шайыр апалар” катышты.

Сүмөлөк кайнатуу таң атканча өтүп, маданий иш- чара менен коштолот. Элибиздин аруу тилеги айтылган сүмөлөк эртең, 21-март күнү ачылып, меймандарга таратылат.

Нооруз майрамынын салтанаттык бөлүгү эртең, шаардык стадиондо саат 10:00до башталып, Баткен шаары шаңга бөлөнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости