www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде аялы күйөөсүн балталап өлтүрдү

25-ноябрда Лейлек районунун Арка-2 айылында 50 жаштагы аял өзүнүн жолдошун балталап өлтүрдү. Бул тууралуу маалыматты Баткен ОИИБден тастыкташты деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аял ал күнү өзүнүн 1967-жылы туулган жолдошу А.Г. менен бирге спирттик ичимдиктерди ичишкен. Ортолорунда кайым айтышуу жаралып, ал эт чапкан балтаны ала калып, күйөөсүн башка бир нече жолу чапкан. Жолдошу алган жаракаттарынан улам ошол жерде мерт болгон.

Учурда аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козголуп, аял камакка алынды.

Буга чейин 5-ноябрда Лейлек районунун дал ушул Арка-2 айылында жергиликтүү кеңештин депутаты Кубанычбек Баяновду белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Ал оор абалда ооруканага жеткирилип, эсине келбей жатып, 17-ноябрда каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости