www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде аткезчилик жол менен 2,5 тонна күрүчтү ташып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери Кадамжай районунун аймагынан С.М.М. аттуу жарандын башкаруусундагы Mercedes-Benz-1324 үлгүсүндөгү унаасын токтотуп, текшерүүгө алышкан.

Унаанын жүк бөлүгүн бажылык текшерүүдө Өзбекстандан чыккан, жалпы салмагы 2500 кг түзгөң күрүч табылган. Мыйзамсыз ташылып келген товарлардын орточо базар баасы 194 миң 450 сомду түздү.

Аталган факты тиешелүү каттоодон өтүп, чогултулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости