www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ жакында Баткен университетинен 38 диплом мыйзамсыз берилген жана азыр дагы бул чоң окуу жайда тартип жок, “эптеп эле студенттер окуп жатат, мугалимдер ишке барды болуп илең-салаң эле  иш жүрүп жаткандай” деген мааниде жергиликтүү калк  нааразы болуп айтып чыгышты.

Бирок,  окуу жайдын жетекчиси А. Сулпуев “бул айтылган сөздөр карандай калп, мени көрө албагандардын жасаган иштери” деп актанып, жан алы калбай өзүн аппак көргөзүүнүн амалын кылды.

Айткандай, Сулпуев мырза эмнеге актанат, тээ алыскы Баткен эмес, борбор шаардагы чоң окуу жайларда деле бардак көрүнүш. Анткени контракт төлөп окуган студенттер эмнени окуп жатканын өздөрү деле биле беришпесе керек. Азыркы студенттер окууга эмес, "крутой" телефон көтөргөндөрүнө корстон.

Ал эми алыскы Баткенде кантип эле мыйзам бузуу болбой калсын. А.Сулпуевдин жасаган иштери айрымдар үчүн көнүмүш эле адатка айланган. Анткени канчалаган чиновниктер жасалма диплом менен окуу жайды бүттү болуп, чоң кызматтарда иштеп жатышат. Бирок, эмне болгон күндө дагы А.Сулпуевдин ишин карап койгон ашыкча болбойт, анткени ал жерде дагы корупциянын кулагы чыгып жаткандай белги берилип жатканын көз салып койгон туура.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости