www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда учурдагы Маданият министринин жаңы дайындалып жаткан учурдагы сүрөтү жарыяланды. Анда чогулгандар Азамат Жаманкуловдун жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, жумушу "үзүрлүү" болуусун каалап жатышат.

Бул сүрөттө цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев эмне кылып жүргөндүгү артисттер менен маданият кызматкерлеринде суроо пайда болду. Аталган сүрөттө мурдагы директор вице-премьердин жанында турганын байкасак болот.

Курмангазы Исанаевге Башкы прокуратура менен Эсеп палатасы коррупция беренеси менен иш козголуп жаткан учурда, мындай терс көрүнүш Исанаевдин Маданият министрине басым жасап жатабы? - деген суроо жаралбай койбойт.

Мамлекет башчынын коррупция менен күрөшүүдө аталган факт боюнча дыкат иш жүргүзүү керек экендиги айтпаса да белгилүү.

Ал эми артисттер Исанаев Маданият министрине күч менен болобу же башкача жолдор менен цирктин директорлугуна өзүнүн адамын алып келеби деген кооптонуулар жаралганын айтышууда.

Буга себеп болуп, Исанаевдин мурунку "командасын" жаш министр Азамат Жаманкулов дагы эле иштен кетире элек, бул жөн жерден болуп жүрбөсүн. Себеби жарым айдан бери ошол адамдар дагы эле иштеп жүрүшөт. Цирктин чыгармачыл жамааты Жаманкуловдон эч кандай пайда чыкпаарын билгенден кийин, президентке кайрылганы жатышкандыгын айтат ишенимдүү булактар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости