www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик миграция кызматы “Кырк чоро” кыймылынын активисттерин чет элдик жарандар иштеген мекемелерди көрүп кетүүгө чакырышты.

Аталган мекеменин маалыматына караганда, Кара-Балта шаарындагы “”Джунда” нефть иштетип чыгуучу заводуна барып келишкен. Заводдун директору Алтынбек Садырбаевдин айтымында, бул жакта 1000ге жакын адам иштейт, алардын 300ү кытайлар.

“Бардыгынын жумушка уруксат документтери, виза жана паспорттору бар. Бизде мыйзамсыз иштеген кытай жарандары жок. Бул жакта Кытайдан келген жогорку класстагы адистер иштешет”- дейт директор. “Кырк чоронун” мүчөлөрү Аманбол Бабакулов жана Кубанычбек Дүйшеев Кытай жарандарынын паспорт, визаларын текшерүү учурунда катышкан. Кыймылдын мүчөлөрү заводдо мыйзам бузуулар жок экенине ынанышты. “КЭРнын жарандарынын бардыгы легалдуу иштешүүдө. Мыйзам бузуу фактылары жок экенине ынандык. Нааразычылык акциясында биздин эки талап болгон, биринчиси- Кыргыз Республикасынын жарандыгын чет элдиктерге берүүгө тыюу салуу. Экинчиси- легалдуу эместерди депортациялоо”- деп билдирди жарандык активисттер.

Белгилей кетсек, 20-декабрда Кытай элчилигинин алдында нааразычылык акциясы өткөн. Анда бардык чет элдик жарандарды 1 ай ичинде чыгып кетүүсү талап кылынган. Жаңы жыл майрамы өткөндөн кийин Бишкекте антикытай нааразычылык акциясына кайрадан чыгышкан. Президент Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн мамилесин бузууга жана өлкөнүн тынчтыгын бузууга аракет кылгандар мыйзамдын чегинде жазаланаарын билдирген.

Эскерте кетсек, 17-январда Бишкекте дагы бир нааразычылык акциясы пландалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости