www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү мамлекетте жетишпей жаткан оппозициялардан болуп калышы ыктымал. Бул тууралуу маалыматты VB.KG порталына саясий серепчи Марс Сариев билдирген.
Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбековго абакта жаткан Текебаевге мунапыс берүүнү өтүнгөнү баарыбызга маалым. Саясий айдыңда саясатта олуттуу орун ээлеген Текебаев пайда боло турган болсо, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон Өмүрбек Бабанов келе турганы айтпаса да белгилүү боло турган иш, - дейт сайсий серепчи.
- Бул саясат, мында баардык комбинациялардын түзүлүп кетүүсү толук мүмкүн. Баардыгы баланс менен күчтө. Жалпылаганда, "Убактуулардын" активизацияланышы келе жаткан шайлоодо күч алат. Чынында, эгер саясатчы оюнда калгысы келсе, анда ал оюнда дайым болуусу шарт. Учурда алар ресурс топтоо менен алек, анткени жазында саясий процесстер болот, муну түшүнгөн "Убактуулар" азыр жакшы иштеши зарыл. Бирок, анда иштегендер мезгилдүү гана эмеспи. Бул алардын акыркы мүмкүнчүлүгү болуп калат, - деп эсептейт Марс Сариев.
Эске салсак, жакында эле Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун Өмүрбек Текебаевге мунапыс бербей койгонуна кабатыр болгон. Ал өзүнүн берген маегинде "учурда өлкөдөгү кырдаал абдан татаал жана жөнөкөй эмес, ал эми мындай кырдаал аны ого бетер татаалдаштырат" деген. Бул тууралуу маалыматты VB.KG порталы жазып чыкты.
Так маалыматты алып карай турган болсок, 2010-жылдагы апрель окуясына жана Ош окуясына Роза Отунбаеванын дагы салымы болгон. Ал тургай аянтта ант берип келгендердин катарын толуктайт. Азырынча аянттагы ант эч кимди ура элек.
Баса, экс-президент деген наамы бар Роза Отунбаева, өзүнүн кадыр-баркын дагы эле билбей келет. Өткөн жылы шляпасын кыйшайтып кийип алып эл арасында митингде жүргөнү эсибизде. Баарынан кызыгы Отунбаевага Өмүрбек Текебаевден башкасы саясый туткун эмеспи, деген суроо жаралат. Калган саясый камакта жаткан тагдырдын өгөй балдарыбы? Деги ушул эски көздөр оңолбоду же жоголбоду! Булар акылына киргенче Кыргызстан "маңкурттар" өлкөсүнө айланып кетет окшойт.
Булак: NazarNews.kg