www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаш элем шайыр шаттанган,

Бийликти көздөй аттангам.

Тушоомду кесип ал жерден,

Акаев байкем мактаган.

Кайырма:

Кыялга батып алам шак,

Мыйзамды жазып салам бат.

Батукаевди чыгарып, ай,

Нарындан жазган салам кат.

 

Атамбаев кезде тейледим,

Аппарат деген жердемин.

Элүү миң доллар бир чалсам,

Бүтүрүп өзүм келемин.

 

Кайырма:

Кыялга батып алам шак,

Мыйзамды жазып салам бат.

Батукаевди чыгарып, ай,

Нарындан жазган салам кат.

 

Батукаев бизди жактырып,

Чемодан доллар калтырып 

Бөлүшө албас кыргызды,кетти,

Бири-бирине чактырып.

 

Кайырма:

Кыялга батып алам шак,

Мыйзамды жазып салам бат.

Батукаевди чыгарып, ай,

Нарындан жазган салам кат.

Булак: Нарындан жазган салам кат

Обону, сөзү: Ашыралы Айталиевдики.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости