www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарындын Солтон-Сары кенинде  500дөй адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Жоржи Майнинг» компаниясына барган. Чогулгандар кытайлык компаниянын кызматкерлеринин чыгып кетишин талап кылышкан.  Ортодо пикир келишпестик чыгып, кытай компаниясынын кызматкерлери токмоктолду. Отуздан ашык киши жаракат алды. Айыл тургундарынын арасынан да бир нече кишиге таш тийгени айтылып жатат. Жергиликтүү эл компаниянын айрым жүк ташуучу автоунааларынын терезесин сындырып, тоодон ылдый айдап түшкөн. Буга чейин чогулгандар менен сүйлөшүүгө облус башчысы Аманбай Кайыпов барган. Азырынча Солтон-Сары кениндеги чатак тууралуу расмий органдар маалымат тарата элек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости