www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-январь күнү кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу соттук иште биринчи күбө көрсөтмө берди. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир ,Жоошев «Азаттыкка билдирди.

Маалыматка ылайык, сот бүгүнкү жараянда Улуттук гематология борборунун дарыгери Елена Гавриленкону сурады.

"Ал Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгышын иликтеген депутаттык комиссияда медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүш үчүн катышканын айтты. Дарыгер көрсөтмөсүндө «Улуттук гематология борборунда Абдухалим Раимжановдун сейфинде Батукаевдин баш сөөгү тартылган үлгүлөр бар экен. Ошону иликтегем. Жыйынтыгында ал см (рак) менен ооруй турганы аныкталган» деп жатат. Биз: «Ошол үлгүлөр 100% Батукаевдики деп айта аласызбы?» деп сурасак: «Айта албайм. Анткени мен анализ алган эмесмин», - деп жооп берди. «Эми ал үлгү чын эле Батукаевдикиби же башка адамдыкы болгонбу, кантип аныкташ керек?» деп сурасак: «Ал үчүн Батукаевден кайрадан анализ алыш керек» деп жатат", - деди Жоошев.

Мурунку отурумда Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары соттон Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду жана Жаныш Бакиевди алып келүүнү өтүнүшкөн. Адвокаттар аталган адамдардын аттары иш боюнча көрсөтмө берген Шамил Атахановдун көрсөтмөсүндө аталганын белгилешкен. Бирок судья Эмил Кайыпов адвокаттардын өтүнүчүн четке каккан.

Бүгүн оттук отурум бир күбөнү суроо менен жыйынтыкталды. Кийинки отурум 28-январга белгиленди.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу соттук иш былтыр 15-октябрында башталган.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости