www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТИМ ЭСКЕРТЕТ: Мүмкүн болсо Кытайга барбай тургула

Кыргыз ТИМи Кытайга каттаган кыргызстандыктарга ал жакта эл көп чогулган жерлерге баруудан, чийки тамак-аш, деңиз азыктарын жегенден алыс болууга чакырып, бир нече сунуштарды айтты. Бул туурасында тышкы саясат боюнча ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Учурда дүйнөгө кооптуулук жаратып жаткан коронавирустун жаңы тибинен сак болууга жана мүмкүн болсо Кытайга барбай турууга кеңеш берди.

Андан сырткары, бир нече сунуш-эскертүүлөр айтылды.

мүмкүн болушунча эл көп чогулган жерлерге барбаш керек;

колдон келсе Кытайдын коронавирустун жаңы тибинин очогу болгон аймактарынан алыс болуу зарыл;

мүмкүн болушунча коргонуучу бет каптарды кийип жүрүү керек;

чийки азыктарды жана малдын толук куурулбаган (бышырылбаган) этин, сүт жана деңиз азыктарынан баш тартуу;

кайнатылбаган сууну ичпөө;

колду жана жашылча-жемиштерди жакшылап таза жуу зарыл дешти.

Эскерте кетсек, ушул тапта өлкө боюнча вирус жуктуруп алган адамдардын саны 473 адамга жетти. Ал эми коронавирус алгач пайда болгон Хубэй провинциясында алардан тышкары 444 киши ооруп жатат. Кытайда 17 киши коронавирустан көз жумду. 

Белгилей кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон.

Коронавирус өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Алгач ирет 1965-жылы пайда болгону байкалган. Адамдардын, үй жаныбарларынын, куш, чочко, ири мүйүздүү малдын саламаттыгын жабыркатат. Ооруга чалдыккандарда симптом байкалып, алгач дене табы көтөрүлүп, андан соң жөтөл коштоп жана дем жетпей кыйналышкан.

Белгилей кетсек, Кытайда пайда болгон жаңы вирус Кыргызстанга өтүп кетпеши үчүн кыргыз-кытай чек ара бекеттеринде медициналык көзөмөл күчөтүлгөн.

Учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтүштү.

22-январь күнү Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунда Үрүмчүдөн (Кытай) келген жүргүнчүлөр коронавируска текшериле баштады.

 

Булак: NazarNews.kg

 


 

Последние новости