www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Новосибирск шаарынын базарларына болгон рейдден кийин бир нече мигрант атайын приемникке киргизилди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, 7-октябрда шаардын Хилок базарында массалык мушташ, атышуу болгондон кийин полиция базарларды текшере баштаган. Полиция менен кошо рейдге Росгвардиянын атайын бөлүмдөрү да кошо чыккан.
ИИМдин Новосибирск облусу боюнча Башкы башкармалыгын маалыматы боюнча, жалпысынан 195 чет өлкөлүк текшерилип, анын 30у полиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Тогуз кишиге Орусиянын аймагында жүрүү режимин бузгандыгы боюнча административдик иш козголсо, 11 чет өлкөлүк атайын приемникке киргизилген. Учурда аларды депортация кылуу боюнча материалдар чогултулуп жатат.
Ал эми соттук приставдар кызматынын маалыматына караганда, өткөн суткада 15 адамды депортация кылуу боюнча чечим аткарылган. Булар Орусияда иштеп жүргөн Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары.
Булак:NazarNews.kg