www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 9-январында  Бажы кызматынын 38 жаштагы М.Б. аттуу кызматкери аткезчилик менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана тергелип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекеттик бажы кызматтынын ички коопсуздук башкармалыгы менен биргеликте жалпы суммасы 253 500 АКШ долларын түзгөн жана Латвия өлкөсүнөн Кыргызстан аркылуу Афганистанга бара жаткан тамеки заттарын мамлекеттик бажы кызматы тарабынан уруксаатсыз бажы транзитине киргизүү фактысы аныкталган.

КРдин Жазык процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык шектүү катары Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости