www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Айым карындашым, эшикте кыштын экинчи айы сасык тумоо оорусу кантип атат?

-- Грипптин сезону башталды. Өзүңүздөр билгендей, кыш мезгилинде грипп күчүндө болот. Грипп менен ооруган адамдын дене табы кескин жогорулап, 38-40 градуска чейин көтөрүлөт. Адам бат-бат чыйрыгып турат. Баш айланып, кускусу келет, болгон булчуңдардын баары салмакташып оорутат. Бул – грипптин симптомдору.

-Ал эми ОРВИчи?

-- Көбүнчө тамак ооруп баштайт. Дене табы анча билинбегени менен дем алуу органдарга берет. Мурундан суу агып, көз жашылданып, алсырайсың. 

-- Жай саратанында эле ушул ооруларга каршы эмдөөлөр болчу эле. Быйыл ушундай иш-чаралар болдубу?

-- Жай эмес, бизде күз айынын башында, тактап айтканда, сентябрь айында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 30 миң вакцина грипп менен ОРВИге каршы берилген. Толугу менен бул вакциналарды бейтапканалардын бардыгына таратканбыз. Демек, каттоодо тургандар, тез-тез ооругандар, өнөкөт оорусу барлар, улгайып калган адамдар жана кичинекей балдар биринчи кезекте вакцина алышкан. Вакцинация иш-чарасы толугу менен аяктаган. Азыр болгону алдын алуу, мындайча айтканда профилактика жүргүзүү гана керек.

-- Вакцинация жыл сайын болуп туруш керекпи же адам өмүрүндө бир эле жолу алып койсо болобу?

-- Жыл сайын грипп өзүнүн штамын (түрлөрүн) өзгөртөт. Генетикалык жагы кубулуп турат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аны изилдеп, ошого жараша вакцинаны ылайыктайт. Азыркы учурда жаңы вакцина келе элек. 

-- Жай турмушта болтурбоо жагын карасак болобу? А эгер ооруп калсачы?

-- Эгер ал адам ооруп калса, биринчиден, бет кап кийип, жумушка чыкпай дарыланыш керек. Доктурга барып вируска каршы жазып берген дары-дармектерин толугу менен айыгып чыкканча ичүү абзел. Бала бакчага барып аткан бала болсо, ал жакка жиберүүнүн кажети жок. Суюктукту көп ичип, анын ичинде малина менен итмурундун чайын ичүү абзел. Ал эми оорубаш үчүн адам эшикке чыгып келген сайын колун самындап жууп туруусу керек. Жуубаган колу менен көзүн, мурдун чукулап кажети жок. Эң негизгиси, кыш мезгилинде адамдын иммундук системасы солгундайт. Бул учурда бир эле нан, чай менен эмес, витаминдүү жашылча-жемиш, тамакты түрлөп жеп турган жакшы болот. Эл көп чогулган жерге колдон келсе барбай эле койгон оң. Андан көрө таза абада көбүрөөк сейилдеп, андан сырткары дене тарбияга көңүл бөлүп, спорт менен машыгып туруусу пайдалуу.   

-- “Грипп оорусу да өзгөрүп турат” дебедиңизби, быйыл кандай түрү бизде жүрүп жатат?

-- Грипп “В” деген түрү. Бул инфекциялык илдет адамдан адамга гана жуга турган түрү. 

-- Бул жагы түшүнүктүү болду. Эми жанагы курч кармоочу респиратордук ОРВИ тууралуу да кыскача айта кетсеңиз?

-- Ал былтыркыга караганда 25 пайызга аз кездешүүдө. Биздин байкообузда климаттын, анын ичинде аба ырайынын жылуу болуп атканы жакшы таасирин берүүдө. Былтыр октябрда эле кар жаап, суук эрте түшүп калган. Быйыл кар жокко тете. Күн анча суук эмес. Ошого карабастан жылуу кийинүү керек. 

-- “Сасык тумоо болуп калыптырмын” деп көпчүлүк адамдар дарыланбай, өтүштүрүп ийип аткандар үчүн кеңешиңиз барбы?

-- Көбүнчө кыргыздар “ай, эртең жакшы болуп калам” деп дарыланбай, өтүштүрүп жиберишет. Анын ден соолукка болгон кедергиси өтө жаман экенин көбү эле биле бербейт. ОРВИ же грипп менен тамашалашып кереги жок. Боорду, бөйрөктү, өпкөнү айыкпас илдетке айлантып, акырында аты жаман ооруга алпарып коюшу да ыктымал. Ошондуктан, өзүңөрдү карагыла, доктурдун кароосунан качпай, өз убагында барып тургула.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: “АЗИЯnews 

Последние новости