www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүткүл орусиялык телеберүү жана радиоуктуруу компаниясы чыгарган чечимге ылайык, “Сам себе режиссер”, "Утренняя почта" жана "Смехопанорама" көрсөтүүлөрү эфирден алынды. Бул тууралуу орус маалымат булактары билдирүүдө.

Анткен менен Орусиянын улуттук биринчи каналындагы эки көрсөтүүнүн алмашкыс алып баруучусу Евгений Петросян бул туурасында маалыматы жок экенин билдирген. Куудулдун сөзүндө программанын жабылышы эч бир өзгөчө мааниге ээ эмес.

Ошондой эле “Өзүңө өзүң режиссер (Сам себе режиссер)” көрсөтүүсү эфирдеги жашоосун токтотту. Анын 2019-жылдын 22-декабрындагы чыгарылышы акыркы болуп кала берди. Муну көпчүлүккө, программанын алмашкыс алып баруучусу Алексей Лысенков 10-январда өзүнүн инстаграмм баракчасында билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим 35 жыл өмүрүн телевиденияга арнаган Лысенковго катуу тийген. Ошентсе дагы ал тажрыйбалуу адам катары туура түшүнүү менен аргасыз кабыл алганын өз сөзүндө белгилейт.

Эске сала кетсек, аталган көрсөтүүнүн алгачкы чыгарылышы 1992-жылдын январь айынан тарта эфирге чыга баштаган. Ошондон тарта Орусиянын РТР каналында 28 жыл бою эфирден түшпөй келген. Ал көңүл ачуучу шоулардын катарын толуктайт. Тагыраагы анда көрүүчүлөрдүн тартып жиберген роликтерин көрсөтүп турган. Мыкты тамашалуу видеолордун авторлору студияга чакырылып, кызыктуу жагдайларын айтып келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости