www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кийген өтүгүң тар болсо дүйнөнүн кеңдигинен не пайда? Жаның көзүңө көрүнүп ооруп турсаң, ал аз келгенсип "Ушу сен өлүп эле калбайт белең!?" - деп үстүңөн тебелеп-тепсеген, басмырлап-кордогон зомбулук турса, биз адам укугунун өлкөсү элек, коррупцияга каршы күрөшөт элек деп ооз көптүргөн саясатыңдын да, ал турсун люкс камерада 60 жылдыгын белгилеп жаткан оппозициячы Текебаевдин да, ага адаттан тыш ишара жасап, телефондон куттуктаган президент Жээнбековдун да ысык-суугу канча!? Алты саны амандардын, оору деген жамандык менден башкаларга гана жазылган деп дардактагандардын көйгөйү өлтүрөөр кеселге кабылгандар үчүн тыйынга да арзыбайт.
Ашынган кылмышкер Батукаевге "өлөт", деп справка жасаган Эмил Макимбетов деген онкологдун демилгеси менен ончакты күн мурда табып Хашим Зайналиевге мыйзамсыз дарыгерлик кылдың деген айып менен кылмыш иши ачылганы белгилүү. Кечээ кечинде аны Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө суракка чакырып, мындан эки жыл илгери бирөөдөн алдап акча алыпсың деген жаңы айып тагып, 48 саатка деп камакка алышты. 
Хашим табыптын ишин иликтөө үчүн атайын тергөө тобу түзүлүп, ага көмөктөшүү үчүн жоон топ милийса бөлүнүптүр. Башчысы Д.Опумбаев деген мына бул эч бир суроого жооп бербей качып кутулууну эрдик көргөн эргул экен. Сүрөткө далысынан тартып алууга араң жетишип калдык.
Хашимдин клиникасына келсек бир короо милийса, тез жардам машинелери менен толтура медиктер жүрөт. Баарынын бир гана максаты мындагы бейтаптарды өкмөттүк ооруканаларга алып кетүү экен. Аларды коркутуу, опузалоо, ал турсун ар бириңди акысыз дарылап беребиз деп ачыктан ачык паралоого чейинки бардык амалдарды жасап жатышыптыр. Макул, врачтар келип, өздөрү ооруканадан чыгарып койгондор тынч өлгүсү келбей жаткандарга түшүндүрүү иштерин жасашсын дейли. Ал эми палатага врач менен кошо кирип, соедой болгон ончакты милийса эмне турат? Эмне жүрөсүңөр десек коопсуздукту сактаганы дейт. Кимдин десек медиктердин дейт. Көрсө булар өмүр менен өлүмдүн ортосунда жаткан ушул бейтаптар куландан соо медиктерди баса калып, өмүрүнө коркунуч келтирбесин деп келишиптир. 
Бул зомбулук Хашим табыпка эмес, биринчи кезекте мына ушул шордуу бейтаптарга каршы болуп жатканын түшүнмөк мындай турсун, угуп коеюн деген бийлик жок. Алардын муң-зарын боору, жүрөгү бар киши кошо ыйлабай уга албайт. Алардын ар биринде "Мен айыккыча Хашимге тийбей турушса кана, ушинтип орто жолдо өлөмбү!?" - деген гана жеке сезим. Андай сезим мындан эки жыл илгери, анда да Хашим табыпка каршы кылмыш иши ачылып, аны эжигейдей эзип жатканда менин өзүмдө да болгон. Адам чиркин өзүмчүл болот экен. Ошентип бир ойлоп алып, уйгактай жабышкан ал ойдон өлүп-талып араң кутулгам. Бул табып адамзат айыктыра албай жаткан рактан сакайтып жатса, медиктердин алы жетпей жаткан толгон ооруга шыпаа таап жатса, Кудайдан анын жакшылыгын тилегендин ордуна кайсы бетим менен ушинтип ойлодум деп бир солк этип алган элем. Ошондон баштап оорудан айыкканыма бирөөлөрдүн көзү тийбегей эле, медиктердин колуна барып түшүп калбагай элем деген сыяктуу сезимдердин баарын Кудайга коюп, Хашим табыптын чындыгын ачыкка чыгаруу менен алек болуп келатам. Ушул жашка чыкканча эл алдында анча-мынча мактанаарлык иш жасасам, ошонун бири, балким эң сыймыктуусу Хашим табыптын ишмердүүлүгү деп билем.
Хашимдин феномени бир катар шылуун жана жырткыч медиктер менен сойку журналисттер кайталап келаткандай анын "көзү ачыктыгында", "эмчи-домчулугунда", "шарлатандыгында" же "колекарлыгында" эмес, анын адамдын денесиндеги жана дары-дармектердеги химиялык жана биологиялык процесстерди молекулярдык деңгээлде түшүнө билгенинде. Айыккыс деп эсептелген оорулар тууралуу буга чейин эч ким айта элек гипотезаларын клиникалык негизде далилдеп бере аларында. Эгер ошондой иш уюштурулса анын оппонентери ит болмок тургай, иттин көткү шыйрагы болоорун түшүнүп эле турушат. Дал ошондуктан андан кылмышкер жасап, түрмөгө тыгып кутулуудан башка жол көрбөй жатышат.
Ошентсе да касиеттүү эл, кудуреттүү Кудай бар эмеспи. Миллиарддаган долларлар менен каржыланган жүздөгөн илимий-изилдөө институттары жасай албаган ишти Көк-Жарда жүргөн кайдагы бир Хашим деген неме жасадыбы деп, кыргызды адам катары санабай, акчанын гана кулу болгон маңкурттарды, медицинадагы дүйнөлүк жана жергиликтүү мафияларды ордуна коёор шордуулардын убалы менен сообу, батасы менен каргышы бар эмеспи. Ошондуктан акыйкаттык жеңээринде кыпындай да күмөнүбүз жок. Болгону Хашим камактан чыккыча бир топ бейтап онкомафиянын курмандыгы болуп, о дүйнөгө кетип калаары турган эле иш... Хашим сыяктуулар түрмөдөн сынып чыкпасы андан да айдан ачык.

Бейшенбек Бекешов, тележурналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости