www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бөлмөнү жаңырткан үшкүрүк, улам бир капталына ыкшоо оодарылган алсыз дене, уйкусуз түндөрдүн бири. Мындай түндүн далайын ой-санаа, көз жаш, өзөктү өрттөгөн үшкүрүк менен өткөргөндүр бул аял. Аты жаман оору жабышкан күндөн тарта кайсы жазыгым үчүн Кудай минтип кош колдоп төбөгө урду деген учу-кыйыры жок санаа менен алышканы алышкан. Жашоосун кинолентадай кайра башынан түрдүрүп эстегенден тажабайт. Кайсы жерден жаздым, эмне ката кетирдим деген суроону ушул күнгө чейин өзүнө-өзү жүз ирет берсе керек. Анан эмне кылсын, ойдон башка алаксытар эрмеги болбосо... Бактылуу аялдардын бири элем...деп ойлоду Кыял. Телегейи тегиз үй-бүлөдө өскөн, кийин жеке жашоодо да жолу болуп мыкты күйөөгө тийген бакыт чанда эле аялзатында кездешсе керек. “Баарын жөндөп алып кетүү өз колумда эмес беле? Бирок алсыздык кылдым, чыдамым жок экенимди көрсөттүм.” Ушул ой мээсине келгенде тээ 28 жыл мурун келин болуп барган босогосун эстеди.
ххх
Өздөрүнө жакын эле жайгашкан айылдагы бай, кадыр-барктуу бүлөгө келин болуп бактысына тунуп жашап калды Кыял. Күйөөсү Керим үч кыздын арасында чоңойгон жалгыз уул болгондуктан бир үйдүн эрке келини деген ооматтан сырткары ошого жараша түйшүгү да көп эле. Чиедей кезинен кара жумушка бышкан тың келин ата-энесинин, күйөөсүнүн кирпигине чаң жугузбай чарба иштерин жөндөп кетти. Жыл айланбай боюнда болуп уул төрөдү. “Уруубузду узартып, тукумубузду улады” деп кайната-кайнене мурдакыдан да бапестеп калды келинин. Баары жакшы эле.. Балекеттин баары эмнеден башталды эле? Улуу кайнежеси экинчисин төрөгөндөн кийин күйөөсү менен ажырашып көчүп келбеди беле. Кайненеси кыйылса да “ичиме баткан сыртыма батпай калмак беле” деп кабыл алды. Кайнежесинин кыялы да бир топ экен. Анын үстүнө буту там-туң баскан, бири кызыл эт эки баласы, ага өздөрүнүн уулу кошулуп базар болуп эле жатып калышты. Бир үйдөн түтүн булатып, бир казандан аш ичип аткандан кийин бирде болбосо бирде казан-аяк кагышып кайнеже- келиндин бети ачыла берди.
Акырында үйдөгү чыңалган абал курчуп отуруп кайым айтышуулар күн санап күчөдү. “Башында кошо талашып кыйкырышпай, алдап-соолап тилин таап жашаганга жакшы эле аракет кылбадымбы?- дейт өзүнө-өзү суроо берип. Анан эмне болду эле? Ии, баса, балдарынын сийдик шымдарын чогултуп мени көздөй ыргытканда акыркы чыдамым төгөнбөдүбү. Ананчы, өзү баласы менен кошо бир күндө беш маал уктап түйшүктүн баарын мага үйөт. Анысына деле макул элем. Кайненемдин колтугуна кирип алып мага каршы тукурганы күйгүзбөдүбү!” Ошондо чыдабай чарт жарылып күйөөсүнө “бөлүнүп жашайбыз” деген талап койду Кыял. Башында баарылап келиндин бул көтөрүлүшүнө каршы турушканы менен кызын сыртка чыгарып коймок беле? Келин менен кыздын ортосунда чайналган ата-эне айласыздан кызын өйдө коюшту. Күйөөсү да Кыялдын кебинен чыга албай шаарга келмей болду. Ошондогу жашоосундагы бурулушка азыр аял дагы бир ирет өкүндү. Көрсө, азыркы айыкпаган оорунун жанында ал кез арзыбаган эле түйшүк тура.
ххх
Керим өзүнө энчиленген мал-жанын сатып жаңы конуштардын биринен жер тилке алып, эл катары үй салып түйшүккө аралашып кетишти. “Биз сени кууп чыктык беле? Жылуу ордуңдан жыла качпай жашай бербейт белең” деп кайненеси каарын төгүп келинине эч нерсе берген жок. Төркүнүнөн төшөнчү, идиш-аяк курап күйөөсү, уулу болуп жаңы тиричилик башташты. Башында кайненесинин көгү бара-бара тараса керек деп Кыял көп маани берген жок. Бирок кийин “келсең неберем экөөң эле келип тургула, терс аяк катыныңды көрөйүн деген көзүм жок” деген баласына айткан сөзүнөн кийин аялдын дили биротоло карарганын түшүндү. Ошентип кайын журтунан биротоло кол үзгөн эле. Эжесинин сырын жакшы билген Керим гана аялына болгон мамилесин өзгөрткөн жок. Кара күчүнөн башка таянар эч нерсеси жок жубайлар баштары менен жер казып экөөлөп иштеп кетишти. Башында столдун бетине майда-чүйдө жайып эптеп жан багалы деп баштаган соодалары чоңоюп отуруп күркөгө, андан кийин чоң дүкөнгө айланды. Чакан үйдү чоң үйгө айлантып, ал үйдүн ичин түркүн дүйнөгө толтуруп, көр оокаттын артынан кууп жүрүп жашы кырктан кантип ашканын да аңдабай калды. Иштеп алалы, бутубузга туралы деп эки ирет боюнан алдырганын эстегенде заманасы куурулат.
- Кыял... мени кечирип кой. Мындан ары жашырып жашай албайм. Биз беш жылдан бери Керим экөөбүз жашап жүрөбүз. Кечирип кой,-деп трубканы коюп койду. Кыял уккан кулагына ишенбеди. Кантип эле? Керим артымдан бычак сайганга жөндөмдүү беле? Кантип менин башымды аттады? Эмне үчүн башка менен эмес, дал ушул Айнура менен? Бул суроолорунун бирине да жооп таппаган Кыял өзүн кармап азыркы номерди кайра терди. Номер өчүк экен. Аял үйүнө темтеңдеп араң жетти. Бутун чечип эле бөлмөсүнө кирди да, болгон күчүн көз жашынан чыгарып боздоп ыйлап да, колуна тийген буюмду талкалап да атты. Жашоосунун маңызы бир заматта жоголгонсуп, өзүн эскирген, ыргытылган буюмдай сезип айласы кетти. Күйөөсү келе турган эки күн ага кылымдай туюлду. Айнуранын үйүнө кирип барып баарын өз көзү менен көргүсү келди. Кайра курган үмүтү үзүлбөй балким калп болуп калса, жаман оюнда күйөөсү актанып Айнуранын айткан сөздөрүн жокко чыгарса деп ойлоду. Акырында экинчи тапкан акылына муюп отуруп калды.
Эки күндөн кийин күйөөсү ууру мышыктай болуп үйгө кирип келди. Айнуранын чалганын билет экен. Атүгүл экөө план да түзүп коюшкан окшойт. Кыял ойлогондой Айнуранын айткандарын калпка чыгарган жок. Аялынын ыйлаганына, кыйкырып урушканына, суроолорунун бирине жооп кайтарбастан башын жерге салып отуруп берди. Акыры Кыялдын да чыдамы түгөндү. Чоң спорттук сумкага колуна урунган кийимдерин салды да, күйөөсүнүн колуна карматып эшикке чыгарып койду.
Ошол бойдон келбеди. Кыял бир жума баш көтөргөн жок. Баласына “ооруп атам” деп тим болду. Аялдык ич күйдүлүк тынчтык бербей акыры Керим менен Айнуранын мамилесин териштирип, акырына чыккысы келди. Түнү менен ойлонуп кирпик какпай жатты да, таң атары менен автобекетке барып айылга жөнөдү. Айнураны дүкөнүнөн тапты да, болгон чындыкты анын өз оозунан укту. Көрсө, беш жылдан бери аялына апамдардыкына кеттим, эки-үч күн жүрүп келем деп ал жакта ашып кетсе бир күн жатып, калган убактысын ойношу менен өткөрчү тура. Экөөнүн үч жашар баласы да бар экен. Муну билгенде Кыялдын дагы бир жолу күйбөгөн жери күл болду. Өмүр бою өзүнө ишенгендей ишенип, бүт өзүн турган турпаты менен жолдошуна арнап жашабады беле. Жыты сиңишип калган күйөөсүн жек көрөрүн же наалат айтарын билбей турду. Андан ажыраганына бир күйсө, өзүн болгондо да курбусуна алмаштырганына эки күйүп ызасына муунуп шаарга кайтты. Жолдо көз жашы токтогон жок. Керимдин кылыгын чоңоюп калган баласына да ачык айтууга аргасыз болду.
Ушул окуядан кийин ызасын ичине жутуп соолуду да калды. Дүкөнүн көзөмөлдөгөнүн да токтотту. Ал иштердин баарын баласына жүктөп коюп өзү бүк түшүп жатканы жаткан. Акыры ден соолугу начарлай баштады. Башы айланып, кускусу келгенде кан басымым түшүп кеткендир деп маани берген жок. Баш оорусу токтобой койгондо акыры доктурга кайрылды. Көрсө, убакыттан уттурган экен. Бул жолу тагдырдын үчүнчү соккусуна кабылды. Доктурдун: “Башыңызда шишик бар экен, ал тездик менен өөрчүп баратыптыр”,- дегенин укканда нес болуп туруп калды. Өзүнөн да уулуна бул кабар катуу тийди. Апасын ажал азыр алып кетчүдөй бекем кучактап өпкө-өпкөсүнө батпай көпкө солуктап ыйлаганы азыр да көз алдында. “Буга чейин рак оорусу менен ооруган адамдардын тагдырын сыртынан эле угуп билгеним менен тирүүлөй тозок экенин жон терим менен сезип атам. Бул ооруну мен ичиңде жүргөн бомбага салыштырар элем. Кайсы күнү, кандай шартта жарыларын билбейсиң. Бирок бир күнү сөзсүз жарыларын билип ошол күндү коркуу менен күтүп жашайсың. Жок, башында коркуу сезими менен, кийин кайдыгерлик менен жашап каласың...
Залалдуу шишик күн сайын кулачын жайып айыктырганга да жетишпейт экенсиң
Ооруган жериңди химия алып дарыласаң, шишик соо жериңе өтүп айлаңды кетирет. Жан чыдаткыс оору муунтуп же биротоло жаныңды чыгарып салбай, же жайыңа койбой кыйнаганы кыйнаган...” Оорусу тууралуу ушуларды ойлоду Кыял. Химия алууга, кымбат дары-дармегине дүкөнүн, колунда бар буюмун бүт сатты. Баягыдай акча уучтап жүргөн күндөр ар кимден карыздап акча сураган күндөргө алмашты. Керимден материалдык эмес, моралдык колдоо таппаганы Кыялды андан бетер алсыратты. Акырында дарыгерлер айыгып кетүүгө эч кандай үмүт жок экенин айтканда жок дегенде жашап аткан үйүн “уулума калсын” деп жаны тынып отуруп калды. Маңдайына жазган тагдырды кабыл алды. Баарына макул, иши кылып жанын жеп аткан оору эртерээк алып тынса, жаным жай алса деген ойдон башканы ойлобой калды. Уулунан санаасы тынч, окуусун бүтүп бир жерден орун алып иштеп калса эле болгону. Өкүнгөнү, баласына жолдош кылып убагында дагы төрөп албаганы. Же...тиги Айнуранын баласы менен каны бир эмеспи, балким табышып алар? Ажал алкымдан алып турганда таарыныч, кызганыч, ич тарлык эч нерсеге арзыбасын мойнуна алып уулуна кат жазмак болду. Жаны сыздай салмактуу козголуп, алсыз колдору менен ак кагаз, калем сапты кармады...
Булак: "Lady kg"