www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камактагы сасатчы Өмүрбек Текебаев менен Камчыбек Ташиевдин кучакташып түшкөн сүрөтү коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Ташиев камакка алынганда "Камалса камалат, күнөө кылдыбы камалыш керек"- деген сөзүн кечирип кучагына кыскан Камчыкени көпчүлүк кең пейилдигине таң берип турган кез.

Талкууга алынган сүрөт тууралуу өзүнүн пикирин журналист Баяна Кулова төмөнкүчө билдирди:

"Ай акем ай, айкөлдүгүңүз ченде жок да. Сиздин ордуңузда башка киши болсо басып да бармак эмес. А сиз болсо абакта жаткан адамды болгондо да бир кезде саясый талаадан сизди кетирүүгө эң чоң салым кошкон саясатчыга барып жакшы сөз айтып...

Албетте бул сиздин ишиңиз дечи.

Ошентсе да бир нерсени таптакыр унутпайм. Ошол сиз камакка алынган күнү журналисттер ызы-чуу түшүп эле калдык. Кимдин пикирин берээрибизди билбей алдастап анан Өмүрбек Текебаевге токтолдум. Ак үйдүн 3-кабатында турган экен. Жанына басып барып сиздин камалууңуз боюнча пикирин сурадым. Мени ушунчалык акшырая карады да "Камалса камалат, күнөө кылдыбы камалыш керек. Мен эмнени айтайын сага"-деп туруп зирпилдеп басып кетти...

Текебаевге болгон сый урматым күбүлүп, жок дегенде жакшы сөз айтып коё албаган адамкерчиликсиз жоругуна жаным кашайып артынан "Акем бир күнү чыгат, сиздин да башыңызга түшүшү мүмкүн"-деп ызаланып кала бергем...

А кечээки сиздин көңүлүн көтөргөн сөзүңүздү уккан сайын Өмүрбек Чиркешовичтин "камаласа камалат"-деген сөзү кулагымдан кетпей жүрөт...

Ушул кечиримдүүлүк сапатыңыздан азыраагы эле Текебаевде болгондо бүгүн абакта олтурбайт болчу..."

Булак: NazarNews.kg

Последние новости