www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарашыктуу жасалгалары көз уялтып, кымбат-баалуу кийимдерге оронгон 50-60тын ортосундагы аял жол тосту. Аксөөктөрчө басып келип отурган ал айым тууралуу биринчи оюм «кантип ушундай аял жолдо калды экен?» деген болду. Көрсө жол тандабас унаасы ара жолдо бузулуп, алышып акыры айласы кеткенде унаасын калтырып жол тосуп турган экен. Анын бирин маселе деп койбостон адамга жаркылдай караган эже эзелки тааныштардай маек баштап, узун жолду кыскартып барды. Эженин таасирдүү тагдыры менден башкаларга да турмуштун чыныгы баалуулуктары эмнелер экенин билүүгө себепчи болот деген ойдомун.
- Баланы абдан жакшы көрөм, - деп кеп баштады маектешим. Баладай бакыт барбы? Бирок ал бакыт баарына эле буюра бербейт тура. Мен согончогу канабай ал бакыттан куру калгандарданмын.
***
Жолдошум Жуман экөөбүз бала күндө баш коштук. Бир окуу жайда окуп, колхоздун болгон ишинде бирге жүрүп абдан жакын элек. Кийин мамилебиз сүйүүгө айланды. Бактылуу болобуз, көп балалуу болобуз, үйүбүз, жайыбыз болот деген дагы толгон тилек менен баш коштук. Окууну аяктап, дароо кесиптерибиз менен ишке орношуп тириличигибиз тыӊ уланып кетти. Жаш экенбиз, баш кошкон алгачкы жылдарда күнүмдүк керектөөлөр, үй салалы, анан ичин толтуралы деген аракеттер менен эч нерсени билбептирбиз. Качан башка досторубуз да турмуш курушуп, теӊтуштардын отуруштарына барганда биз чоӊ бакыттан кечигип жатканыбызды байкай баштадык. Баары балдары менен келишет, балдарынын кылык-жоруктарын айтышат. Келиндер өзүнчө отурганда мен ал жерде жок сыяктуу эле болуп калчумун. Ар ким өз баласын кеп кылып, менин абалым менен деле эч кимдин иши жок. Мен болсо өзүмдү өзүм басып, кемсинтип, аягында тамагым жашка буулуп ал жерден кеткенче шашчу болдум. Бул нерсени жолдошумдан да байкап жүрдүм. Бирок биз таптакыр бул теманын үстүндө ачык сүйлөшчү эмеспиз. Ал менин көӊүлүмдү караса, мен анын көӊүлүн карайм. Бири-бирибизди тымызын аяйбыз, тымызын үмүт кылабыз. Анткени жолдошумдун мага болгон жигиттик сүйүүсү күч эле. А мен аны ансайын жакшы көрүп, ага байланган бактыма ыраазымын.
Дагы деле илгери үмүт менен балалуу болорубузга бек ишенип, жашай бердик. Он жылга таяган жашообузда бир гана өзгөрүү болду. Биз досторубуздун жалпы отуруштарына барбай калдык. Ар кими менен жеке байланышканыбыз болбосо баары чогула келген жерде отуруу бизге таптакыр эле оор болуп кетти. Балдардын күлкүсү менен ага кубанган жүздөрдүн арасында тумчугуп отуруудан көрө үйдө тынч болгонубуз артык сезилди. *** Баладан үмүтүм үзүлбөй жүргөн бир күнү мен эӊ кыйын деп кайрылган кезектеги дарыгер болгон тилегимди уратып салды. Кагазын тиктеп: «Сиз тукумсуз экенсиз. Кантип ушуну ушул күнгө чейин аныктап бере алышкан жок?» - деди. Анан: «Күйөөӊуз балалуу боло алат. Балким ага мүмкүнчүлүк берип көрөсүз. Болбосо бала багып алып бактылуу жашап жаткандар деле бар го», - деди. Ал мүнөттө менде тандоо кылгыдай дарман жок эле. Теӊселип үйгө кайттым. Бир айдай жолдошума айта албай жүргөнүм менен бул убакыт ичинде өзүмдүн төрөбөй турганымды толук мойнума алдым. Ошого макул болдум. Анткени акыркы кезде дарыгерден дарыгерге, табыптан табыпка баруудан тажап бүткөн элем. Ырас, күйөөм балалуу боло ала турган болгондон кийин анын башын бошотоюн деп чечтим. Бирок жолдошум мен күткөндөй макул боло койгон жок. «Жок, Зуля, эки жолго түшүүнү кенедей да ойлонбо. Эмне, мен сени төрөбөй жатасыӊ деп атамбы? Балабыз болбогону менен анча-мынча балалууларга караганда бактылуу жашап жатабыз го. Мен өзүмдү сенсиз элестете албайм». Менин жайым акырындык менен ата-эне, бир туугандарыбызга толук маалым болду. Ортодо көп сөздөр айтылып, көп кайчылаш пикирлер жаралды. Ал турсун эки-үч курдай эки тарап чогулуп алып бизди ортого салышып ажырашкыла деген талап коюшту. Мен аялдык кылып алардын айтканына макул болуп, канча ирет жүгүмдү жыйнап, кетүүгө камындым. Бирок Жуман «ажырашпайм» деген пикирине кандай бек болсо дал ошондой аягына чейин бек турду. Таӊ калганым да, ыраазы болгонум ошого жараша мамилесин да эч өзгөрткөн жок. Жаш күнүбүздө кандай эркелетип, сыйлап, аяп турса кийин да ошонусунан жазбады. Бара-бара мен ага ишенип, төрөбөгөнүм үчүн баягыдай басынып, кысына берчү болбой калдым.
Бирок бала маселеси оӊой менен эле бүтүп калбайт экен. Бирге жашаганыбызга бат эле 30 жыл болду. Экөөбүз бирдей кызматтарыбыздан көтөрүлүп, эӊ бийик даражаларга жеттик. Ошого жараша чөйрө күтүп, дүйнө жыйдык. Экөөбүздүн башыбыздан башкага коробогондуктан дүйнө-мүлк бизге өзүнөн-өзү келип чогулду. Анан «30 жыл жыйган-тергенибизди кимге калтырабыз, мунун баарына ким ээлик кылып калат» деген тымызын ой өзүнөн-өзү пайда болду. Бизде болсо баягы эле, муну экөөбүз теӊ эле ойлоп, түйшөлүп турабыз, бирок ачык сүйлөшө албайбыз. Ал тууралуу кеп кылып жүрөгүбүздү оорутуп алуудан сактанабыз. Бирок кандайынан болсо да бул маселеге чекит коюлушу керек эле. Менин ойлогонум жалгыз гана «Жуман экинчи аял алуусу керек» деген болуп калды. Ушул гана жол бар болчу жана туура болчу. Бир чети жолдошумдун айланасында кыз десе кызы, уул десе уулу туруп экинчи аял алып алышкандар толтура. А Жуманга бала керек, ага жарашпайт бекен. Дагы бир жагынан анын дил тереӊинде балага болгон эӊсөөсү дале бар экенин жакшы билем. Башканын баласын багып алууга макул болбогону да өз канынан гана бүткөн балага ата болгусу келерин түшүндүрөт да. Ансыз да жашы өтүп баратат. Балалуу болуу бактысынан биротоло ажырап арманда калбасын, эмнеси болсо да бир аракет кылалы дедим.
Албетте, адаттагыдай эле бул сунушума Жуманды көндүрүү оӊой болгон жок. Кенен 4-5 жыл алыштым. Сырымды билген жакындар менен кошо өзүм кадимкидей кыз-келиндерди караштырып, сураштырып баштадым. Жолдошум башында каршылык кылганы менен акырындап макул дегенсиди. Балким «билгенин кылсын» деди бекен, бул аракетиме кайдыгер жүрө берди. Бир күнү мен издеген аял да табылды. Билимдүү, маданияттуу, алдым-жуттуму жок жакшы мүнөзү бар, дүйнөгө пейили ток, ишине жоопкерчиликтүү жан экен. Мурунку никесинен көргөн уулун чет мамлекетке окууга жибериптир. Экинчи жолу турмуш курууну таптакыр ойлонбойт экен. Мунун баарын аны менен бирге иштеп калган сиӊдимден уккандан баштап ошол келинди гана көздөп туруп алдым. Жуманды алгач жолугушууга көндүрүп, андан кийинкисин кандай улантууга болот деп ойлонгом. Бирок калган окуяларга бат эле менин тиешем жок болуп калды. Ал келин деле Жуманга бир көргөндө жаккан окшойт.
Кийин экинчи никеге барууну чечкенин айтып, ыраазычылыгымды алды. Кубанып кеткен жерим жок, ичим ачышты. Ыйладым… Калганынын баары кадимкидей уланды. Кулагына сырга салып, чакан тойчук кылды. Үй алып берип жайгаштырды. Аны менен көп болуп, үйгө аз каттап калды. Мен болсо баарын сырттан карап, сырттан байкап, эрнимди тиштеп алаксыган жашоого өттүм. «Эр бермек – жан бермек» деген кеп бекер айтылбаптыр. Жактырып тапкан баягы келинди жек көрүп калуудан өзүмдү араӊ тыйып жүрдүм. Жыл айланбай алар уулдуу болушту. Кыз болуп калбаса экен деп тилеген элем. Чынында абдан кубандым. Жумандын сүйүнгөнүн айтпа. Тим эле баланы ага мен тууп бергендей эле жалынып-жалбарып, ырахматын айтты. Ошол күндөн бери ал мени «Акылдуу байбичем» деп чакырып калды. Аягына чейин акылдуу байбиче болоюн деп наристени көрүп, ак тилегимди айтууга даярданып жүрдүм. Бирок өмүр бою бири-бирибиздин гана көзүбүздү карап жашоого абдан көнгөн экенбиз. Бул ишти бүтүрүү мага оӊой болгон жок. Уулубузга алты ай толгондо араӊ барып бетин ачтым. Күӊүлөшүм күлө карап койгондон ашык кыймыл кылбады. Барганга чейин муунумду майда калтырак басып кызыктай болгом, болтойгон наристенин сүйкүмдүүлүгү баарын жайып койгонсуду. Жай отуруп чайын ичип, уулубузду жыттап, алып келе бердим.
***
Азыр ал экиге чыгып калды. Тим эле атасынын өзү. Мени жакшы көрөт. Азыр да ушул жаман баланы сагынып баарына кайыл болуп баратпаймынбы. Мына биздин уулубуз, - деди эже телефондун бетин ээлеп күлүп турган эркек баланын жүзүн сылай.
Булак: "Lady.kg"