www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын кыраан ырчылары “Тогуз кайрык шеринеси” деп чогулуп, бир жерде ырдап, эс алып отурганын алардын инстаграм же фейсбук баракчаларына чыгарган сүрөттөрүнөн улам коомчулук билишет.

Кечээ КР эмгек сиңирген ырчысы Бек Борбиев: “Тогуз кайрык шеринеси кызуу өтүүдө” деп жазып, алдына чогулган ырчылардын эс алып ресторанда отурганы, ага аккардеон черткен ырчы Мирлан Баеков обон созуп жаткан видеосун фейсбук баракчасына чыгарды. Мындагы видеодон Гүлнур Сатылганова, Нурлан Насип, Асел Кадырбекова, Сыймык Бейшекеев, Роза Аманова жана башка артисттерди көрүүгө болот. Бирок, мындай эс алууда баардыгы уюлдук телефонун чукулап, ырчыга көңүл бурбай отурганы коомчулукка ар кандай пикир жаратты.

“Мирлан кимге ырдап атат?” “Тобоо кылдым эй, баарында телефон бар экен”, “Минтип чогулбай эле шеринени телефондон ойношсо болмок экен” , “Шеринеге телефон алып барбаш керек экен” деген сыяктуу пикирлерди жазышты. Бирок чыгармачыл ырчылардын ушинтип ынтымакташып, жолугушуусуна жылуу пикир жазгандар да болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости