www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсеналиев Нарматалы Мамбеталиевич 2017-жылдын 31-январында Кербен шаарына (31 депутаттын 21нин колдоосу менен) мэр болуп шайланып, 7-февралда кызматына шымалана киришкен. Чү дегенде эле таза жана жөнөкөй, карапайым, мажирөө мэрдей сезилгени менен. “Жөжөнү күздө сана!”- демекчи, жыл жыйынтыгы өзү айтып тургандай шаардын өнүгүүсүнө кескин өзгөрүүлөрдү алып келип, мыкты баага татыган. Тактап айтканда, жылдын мыкты Мэри катары таанылып, 2017-жылы басма-сөз айдыңында аттын кашкасындай белгилүү болду.

Ал эми 2018-жылдын жыйынтыгы кандай болду деген максатта баш бактык. Балким эйфорияга чыгып кетип же интригалар менен шугулданып, чоң орундарды, майлуу жерлерди мээлеп калдыбы - деген ой жаралган. (Адатта кызматка келген карапайым адамдар, бийлик, байлык менен ооруп калышчу эле.) Ушул сыяктуу бүдөмүк ойлор менен оро-пара жолугуштук. Эмесе күнгөй-тескей иштерине бирге күбө бололу окурман.

— Нарматалы Мамбеталиевич, эмне эле келгенден бери баары менен соттошуп эле атасыз? Интернет айдыңында - “Мэриянын 3 млндой сомун, көпөстөр менчиктеп кеткен базарын соттошуп жүрүп мамлекетке кайтарып алды” деп, сизди баатыр эле кылып жатышат?

— Мен жаңы шайланганда элиме жана шаардык депутаттарга таза иштеп, Элге таандык жер жана мүлктөрдү, элдин аманатын кайтарып бердиремин-деген аруу убадамды бергенмин. Аманат жаным иштеп турганда бул позициямдан эч-качан кайтпаймын! Бардык иштердин мыйзамдуу жагын аныктап алып, жасап жатабыз. Мисалы: 2006-жылы Кербен шаарын кеңейтип, жаштарга жер беребиз-деген максатта транформацияланган жер бар экен. Ага катарлаш турган 0,91га үлүш жерин, Жороева Күлүмкан деген жараныбыз жең ичинен документ жасатып алып, мага чейинки мэрдин айласын кетирип, 2 млн. 700 миң сом доого жыгып. Соттор анын (10 пайызын) 270 миң сомун алабыз деп, анын пайдасына чечишип, кыскасы мен келгенден бери төлөтүп алуу максатында, мага да, 40 тан ашуун текшерүү жөнөтүп, зордук-зомбулукка салып келе жатат. Акыйкат үчүн биз да, сот инстанцияларына кайрылып жатып, утуп алдык. Эми прокуратурага кайрылып, Күлүмкан Жороеванын да, Госрегистрдин да мыйзамсыз документ жасап бергенин текшерүүгө алып, чара көрүп берүүсүн сурандык. Борбордук базардын тагдыры да ушул сыяктуу. Ага да, мамкаттоо эки жараныбызга менчик китептерин жасатып берип коюп, соттошуунун үстүндөбүз. Мындан тышкары (мэриянын балансында турган) мыйзамсыз жең ичинен алынган жерлерди кайтаруу боюнча соттошууга туура келип жатат.

— Президентибиздин коррупция менен күрөшүү демилгесин туу кылып алыптырсыз. Бирок, сиздин каршылаштарыңыздын адвокат-юристи Жаныш Жээнбеков президентибиз Сооронбай Жээнбековдун бир-туугандарынан болуп жатпайбы? Барибир көпөстөргө утулуп, ал тургай кокуйлап калбайсызбы?

— Мамлекетибиздин, элибиздин кызыкчылыгынан жогору эч нерсе жок! Президентибиз өзү баш болуп айтып жатат!-“Менин бир тууганым болсо да, коррупцияга аралашып, эл кызыкчылыгына каршы турса ага аёо жок!”- деп. Демек, анын бир тууганы болгон кишилер да, мындан жыйынтык чыгарат деп ойлоймун. Кербен шаарынын тагдыры менин менчигим эмес! Шаар элдики! Жең ичинен, коррупциялык системаны түзүп алгандар менен күрөшүп, мамлекеттик менчиктерди артка кайтарып алуу менен президентке чоң жардам берип жатабыз. Бул багытта элибиз президентибизди кызуу колдоп жатат.

— Кербен, кылымдарды каарыткан шаар болгону менен таза сууга өмүр-бою жетпей келе жатат. Бир да жетекчинин тиши өтүп, элдин ажатын ача албады. Сиз, бул багытта аракет кылып көрдүңүзбү?

— Аракет кылмак тургай үстүбүздөгү жылдын мартынан баштап, Кербен шаарын таза суу менен камсыз кылуу максатында эң ири долбоор катары дүйнөлүк Банктын 205 млн сомдук каржылоосунун негизинде жигердүү иш баштап, 2019-жылда бүткөрөбүз деген ниетте турабыз. Мындан тышкары жергиликтүү (инвесторлорубуз) ишкер балдарыбыз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, шаарга караштуу айылдарыбызга 3 млнго бааланган скважиналарды чыгартууга жетиштик.

— Шаарды өнүктүрүү боюнча эмне иш-чараларды жасадыңар. Бюджетиңер, инвестиция канча эсеге өстү? Анан да, мэр жүгүрүп жүрүп, тарыхта жок, айлампа жолду, шаарды айланып өткөн магистралды. 5 млн.сом бөлүп шаардын ген.планын даярдатып жатат-деп, аксакалдар баш, депутаттарыңар төш болуп мактап жатышат. Өз оозуңуздан уксак?

— Бюджетибиз кен-байлык, ири завод, фабрика, комбинаттарыбыз жоктугуна байланыштуу чакан ишканалардын эсебинен гана көтөрүлүп келе жатат. Ал эми инвесторлорубуз эки эсеге өстү. Шаарды өнүктүрүү боюнча бир катар иштер аткарылды. Тагыраагы, шаарга кире бериштеги белгилерден баштап, айлампа жол, эстеликтер, фонтандар ишке киргизилди. Эс алуу паркты ирээтке келтирип, тосмолоп, аттракциондор менен жаңыладык. Борбордук стадионго талапка ылайык сахна салдырдык. Шаардын бардык көчөлөрүн көзөмөлгө алып, 7 чакырым жолду асфальттатып, миң метр квадраттан ашуун аллея, тротуарларга (брусчатка) таш-тамандарды жаткырып, жарыктандыруу шам чырактарды койдурдук. Чыңгыз Айтматов атабыздын 90 жылдыгына карата атайын анын атына коюлган көчөгө (ар бир үйгө) табличкаларды илип, эртең ошол үлгүлүү көчөнүн ачылыш аземи болгону турат. Эски имаратыбызды жаңылап, катарлаш кошумча имарат курууга жетиштик. Ал жерге заманбап элибизге бирдиктүү терезенин кызматын ачып жатабыз. Учурда калкты кызмат менен камсыз кылуу максатында 3 ири ишкана, 100дөн ашуун кичи ишканаларды ачууну пландаштырып ишке кириштик. Мындан түшкөн салыктар бюджетибизге чоң киреше болуп берет.

Албетте мунун баарына ички-тышкы инвесторлорубуздун, ишкер уул-кыздарыбыздын салымдары зор болуп жатат. Атап айтсам; Жетиген айылына 100 орундуу бала-бакчаны мекенчил уулубуз Каныбек Туманбаев салып берди. Ал эми Нурмамат Канаев атуулубуз Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 1 млн сомго борбордук мечиттин бүт шарты менен кошумча имараттарды куруп берүүгө 4 млн сомдук салымын, шаарлардын көчөлөрүнө миң даана шам-чырактарды алып берүү менен элибиздин ыраазычылыгына ээ болуп келе жатышат. Ал эми дагы бир мекенчил уулубуз Акылбек Козуев шаарыбызга караштуу Дөң-Кыштак айылына 3 млн сом каражат жумшап таза сууга түтүкчөлөрүн койдуруу менен скважина чыгартып, 10дон ашуун көчөлөрдү жарыктандырып берди.

— Мэр болоордо аруу тилектер айтылып, чоң максаттарды коюптурсуз. Кайсыл бирине жетип, кайсыл бирин аткаралбай өкүнүп турасыз. Анан да жергиликтүү калк, сизди аз-сүйлөп, унчукпай иш кылган Сооронбай Шариповичке окшоштурушат экен?

— (Күлүп). Эл оозунда элек жок. Мен да карапайым үй бүлөдөн чыккан, интернаттан билим алган, оор турмушту башыман кечирген адаммын. Адамдык факторду барынан жогору коёмун. Карапайым калкыбыз кыйналбай батыраак өнүгүүнүн жолуна түшүп, бакубат бактылуу мамлекетке айланса деймин. Ар бир адам өз ишин таза жана жоопкерчиликтүү аткарса сөзсүз максатына жетет! Ушул принципти карманып, мен да максатыма жетип келе жатамын. Калганын убакыт жана жасаган ишибиздин жыйынтыгы көрсөтөт.

Самаган Орозалиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости