www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Бишкектеги консулдук бөлүмү Кыргызстандын жарандарына жекече туристтик виза берүүнү жандантты.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, ушул тапта элчилик “L” категориясындагы жекече туристтик визаларды берип жатат.

Жарандар кабыл алуу бөлүмүнө Кытай элчилигинин сайты аркылуу алдын ала жазылса болот. Ошондой эле анда керек болгон документтердин тизмеси жайгаштырылган.

Кытай элчилиги жекече туристтик виза берүүнү 2017-жылы токтоткон. Виза беш кишиден жогору турган топко гана берилчү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости