www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү үгүт иштерин жасабашы керек», - дейт депутат Дастан Бекешев. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Парламенттин күн тартибинде экономикалык маселелер каралып жатат. Анда бул президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов ар бир маселе боюнча пикирин билдирүүгө укуктуу экенин айтты.

«Дастан Долабаевич «сиз депутат эмессиз» деп айтышы мүмкүн. Депутат болбосом дагы, менде президенттин өкүлү тууралуу жобо бар. Анда мен ар бир маселе боюнча пикиримди билдирүүгө укугум бар экени жазылган. Ошондой эле президенттин атынан көз карашымды айтып, аны жактоого дагы укугум бар», - дейт Калматов.

Буга карата депутат Бекешев: «Ооба, президенттин өкүлү өз позициясын билдирүүгө укуктуу, бирок үгүт иштерин кылбашы керек. Мен эскерте кетсем, өткөн аптада референдум боюнча талкуу кылганбыз.

Ошол жерде Анарбек Баратович үгүт сөздөрүн айткан. Ошондо мен «бул жерде үгүт кылбагыла, сиз депутат эмессиз» деген эскертүүмдү айткам. Ал эми позицияңыз тууралуу айта бериңиз. Маселе жок», - деди Бекешев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости