www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курултайга чакырсак келген жок, КСДПга 30 мандат алып койгула деп алып, курултайга саналуу күн калганда катышуудан баш тартты деген Бекназаров бу сапар да адамгерчилик кылып, оозуна келгенди оттоп, каалагандай каралап, колунда бийлиги барында тебелеген, азыр айласын таппай турган Атамбаевдин үстүнө чапан жаап, башына калпак кийгизиптир деген маалымат тар чөйрөдө тараган.

Бул маалыматтын чын бышыгын билүү максатында Азимбек Анаркуловичке байланыштык.

Ал “курултайдын алдында сүйлөшөлү дегенибиз чын. Бирок, анын интервьюсу чыгып кеткенден кийин жолугушуунун кажети жок болуп калды” -деди.

Ошондой эле мындай маалыматтар курултайдын алдында ак үй тарапта көп айтылганын Турсунбек Акун да пресс-конференцияда баса белгилеген –деди.

Кыскасы, Азимбек Бекназаровдун уюштурган курултай көп кишиге тынчтык бербей жаткандай. Ошон үчүн аны ээрчиген элди иренжитиш максатында бир канча жолу кылмыш ишин козгоп, камоо аракетин көргөн Атамбаевге чапан жаптырып, калпак кийгизди деген маалыматты таркатууга да үлгүрүшүптүр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости