www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз улуттук университетинде иштеген профессор-окутуучулардын арыз-даттануусун, андагы мыйзамсыз иштерди депутаттык топ иликтейт. Бул тууралуу 29-ноябрда парламент жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди. Эл өкүлү окуу жайындагы жагдайлар, жатаканалардагы, аудиториялардагы абалдын начардыгы ректордун кемчилиги катары көрсөтүлүп жатканын айтты:
- Ушуга көңүл буруп, комитет аркылуу жумушчу топ түзүп иликтөөгө албасак, илимдин кандидаттарын, профессорлорду, академиктерди жумуштан алып жаткан дүйнөдө биринчи университет болуп жатат.
Буга чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жаш активисттери аталган окуу жайындагы жагдай тууралуу жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылышкан. Алар университеттин жетекчилигине "чарба, окуу жана башкаруу иштеринде мыйзам бузууга жол берип жатат" деген кине коюшууда.
Андан мурда да бул университеттин айрым окутуучулары нааразылык акциясына чыгышкан. Алар окуу жайындагы мугалимдерди тандоо боюнча сынак адилетсиз өтүп, жетекчиликке жакпаган мугалимдер атайылап кулатылганын билдиришкен.
Булак: "Азаттык"