www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова  баш болгон парламенттик делегация Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапардын алкагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган экспозициянын ачылышына катышты деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Айтматовдун чыгармаларын камтыган сүрөт көргөзмө Таврин сарайында уюштурулуп, ачылыш аземге КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын кеңешине келген бардык делегаттар катышты. Ачылыш аземде сөз сүйлөгөн төраганын орун басары Асел Кодуранова:"Чыңгыз Айтматов улуту кыргыз болгону менен бүткүл ааламдын Айтматову болуп калды. Анын чыгармалары ар бир улуттун жүрөгүндө жашап, гумандуулукка, айкөлдүккө чакырып келет. Чыңгыз Айтматовдун бизге калтырган кенчи дүйнөнү бириктирүүгө жана достукка үндөгөнү айныгыс чындык",-деп белгиледи. 

Ал эми өз кезегинде улуу жазуучу менен пикир алышып, анын ар бир сөзү жан дүйнөсүнө азык болгонун Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федереция Кеңешинин төрайымынын орун басары Ильяс Умаханов белгилеп өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости