www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы миграция агенттигинин жетекчилери жана кызматкерлеринин 20 млн. доллар пара алуу шеги менен кармалышы мекеменин ишин үзгүлтүккө учуратты. Бул окуядан улам Кореяга барууну каалагандардын “үмүтүн таш кабышы” мүмкүн.

“Азаттыктын” өзбек кызматы Эмгек министрлигиндеги өз булактарына таянуу менен агенттиктин кызматкерлерин камоо уланып жатканын билдирди. 27-ноябрда беш бөлүм башчыны прокуратурага алып кетишкен.

Буга байланыштуу жыл аягына чейин чет өлкөгө кете турган 3000ден ашуун өзбекстандыктын маселеси чечилбей калды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалгандардан пара иретинде алган акчаларды мамлекетке кайтарууну талап кылышууда. Бул каражатты төлөө үчүн айрымдары үйлөрүн сатыкка койгону айтылууда.

Өзбекстанда Тышкы миграция агенттигинин жетекчилиги Түштүк Кореяда иштегиси келген жарандардан 20 миллион доллар пара алууга шектелүүдө.

Калкты иш менен камсыздоо министрлигинин маалыматы боюнча Өзбекстан менен Түшүк Корея өкмөтүнүн макулдашуусуна ылайык, үч баскычтагы тесттен өткөн 5000 миң өзбекстандык 2018-жылдын соңуна чейин чет өлкөгө иштөө үчүн кетмек.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости