www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Бектемир, сен продюссерлик кылган “Шайлоо” деген кино Америкада өткөн фестивалда жогорку сыйлыкка ээ болуптур, куттуктайбыз!!

--Рахмат, чынында өзүбүз да аябай кубандык. Сыйлыкты продюссерим экөөбүз барып алалы деп кыялданганбыз. Бирок Америка элчилиги мыйзамды сактап “биз оорулууларга жана окууга бараткандарга гана тез арада виза ача алабыз”-деп бар тартып коюшту. Айла жок ошол жакта жашаган бир кызды таап, сыйлыгыбызды тастыктаган документти алып коюуусун өтүндүк.

--Тасманын сценарийи кандай болду? Кыргызстандыктар качан көрөбүз?

--Кинодо аты айтылып тургандай саясаттын, шайлоонун оң-терс көрүнүштөрдүн баары бар. Бир гана Кыргызстандагы эмес, баардык жакта болгон шайлоонун кемчилик артыкчылыктарын бергибиз келген. Кыргызстанга буйруса кыш айларына жакын коё баштайбыз. Ага чейин жабык түрүндө журналисттерге көрсөтөлү деп жатканбыз. Бишкектин кино театрларына койбой жатканыбыздын да жөнү бар. Себеби бир эмес бир нече фестивалдарга жибердик. Алардын баарына катышып бүтүш керек.

--Байкашыбызча өзүң көп киного тартылбай жатасың. Же кыргыз режиссёрлорду тоготпой жатасыңбы?

--Кеп тоготпогондо эмес. Таптакыр убакытым тартыш болуп жатат. Өзүм кино тартып продюссерлик кылып жаткандыктан башкалар менен сүйлөшүүгө бир минут убакыт жок болууда. Киного акча издеп, аларды жайгаштырып ары-бери чуркаганча эле кеч кирет. Анан кайра эле башка иштер менен алектенмей. Буйруса кыргыз өлкөсүнө туризимди өнүктүргүм келет. Ал үчүн алдыда дагы көп пландарым бар. Баардык жетишпестиктер үчүн өкмөттү дайыма сындап жүрөм. Себеби туризмдин өнүктүрүп, алтындарды каздырбай жашасак болмок да.

--Сөзүңө караганда келечекте саясатка барам деген пландарың бар окшойт....

--Атам Мамаюсупов Өмүрзак легендарлуу парламенттин депутаты болгон. Мындан сырткары көп жооптуу кызматтарда иштеген. Менин да саясатка барышымды аябай каалайт. Башында математик бол деп жогорку окуу жайга тапшырткан. Атамдын каалоосун аткарбай Кытайга кетип калган болчумун. Кесибим боюнча өзгөчө кырдаал иштери боюнча технологмун. Ошол үчүн туристтерди Кыргызстанга чакырып, иштеше алам. Бир нече туризим компанияларын ачып иштетким келет. Колдоо болсо көп нерсени жасайм. Колдоо болбосо да жасайм. Баарын өнүктүрсө болот, иштеш гана керек. Башка өлкөнүн туризми өнүгүп эле жатат. Туризм дегенди алгач дааратканадан баштоо зарыл. Кечээ анын айынан Ош шаарындагы форум өтүп жатканда мэрия кызматкерлерине да сөзүм тийди.

--Ал форумга башка өлкөнүн жарандары да катышып жатты беле?

--Ооба, Россиянын, Казакстандын, Тажикстандын жарандары катышып атышкан. Мен аталган үч өлкөнү тең кыдырып келдим. Аларда эмне 100% шарт түзүлүп калыптырбы? Баарында эле маселе ошол. Өзгөчө казактар аябай кыйналып атышканын көрүп атпайлыбы. Бир кезде элдин баарын банктардан насыя алууга үндөшкөн. Доллар менен алынган насыялар теңге менен төлөп кашасы чыгып жатышат. Алардын уялып тигинтип минтип айтты дебей өзүбүз оңололу. Биздин мекенибиз өтө кооз сонун. Элибиздин да пейили кенен. Туризм менен керек болсо Швейцариядан да бай жана өнүгүп жашасак болот. Көрөсүздөр го биз жаштар анын баарын жасайбыз.

--2020-жылга каттуу даярданып атат окшойсуң. Кайсыл партия менен шайлоого барасың, ачык эле айта бер эми...

--Сүйлөшүүлөр жүрүп, бизге кел дегендер аябай көп. Бирок азыр анын бирөөнү да атагым келбейт. Акыркы чечимди чыгара элекмин.

--Сени күйөрмандарың саясаттан эмес, кинодон көргүсү келсечи?

--Кино жөн гана хобби. Кино тартам деп канча чыгым болдум. Тапкан акчамдын көп бөлүгүн ошол жакка жумшадым. Аны актайбы актабайбы билбейм. Буйруса баарына жетишем. Жетишсе болот. Мисалы азыр мен Оштон форумдан келип, тойго бардым, сизге келдим, жолугушууларым бар. Убакытты үнөмдөш керек да.

--Сенин бул кыялдарың жөнүндө коомчулукка биринчи жолу айтып жатат окшойсуң...

--Ооба, бирок досторум аны жакшы билишет. Биз деле башкалардай маданий чөйрөдө жүргөндөр чогулганда саясатты кеп кылып аралашкыбыз келет. Кинону да таштабайм. Баардык жактан идеалдуу көрүнгөн инсан болуп калыптанууну каалайм. Ошого өзүмдү тарбиялап жатам.

Булак: Де-факто

 

Последние новости