www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркстан шаарында мамлекеттин муктаждыгына үйлөрү түрттүрүлгөн эки тургун өзүнө кол салууга аракет жасады. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

15-августта “Фейсбук” социалдык түйүнүндө Түркстан шаарынын эки тургуну өз өмүрүнө кол салууга аракет жасаган видеосу тарады. Видеодо үйдүн чатырына чыгып алган киши газ баллонун жардырмак болгон. Ал үйүнүн түрттүрүлүшүнө каршы чыккан. Экинчи видеодо улгайып калган аял үйүнүн ичинде бычак менен тамырын кесүүгө аракет кылган. Видеодо полиция кызматкерлери аялды сабырдуулукка чакырып жатканын байкоого болот.

Түркстан шаарынын акимчилиги маалымдагандай, видеодогу окуя 14-августта болгон. Тургундардын үйүн мамлекетке кайтаруу боюнча сот чечими чыккан. Алардын үйү 25 миллион теңгеге (болжол менен 65 миң доллар) бааланган. Тургундар бул сумманы аз деп, үйлөрүнүн түрттүрүлүшүнө каршы чыгышкан.

“Тургундар аман. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эки үй-бүлө башка үйгө көчүштү. 15-августта эки үй тең түрттүрүлдү” деди акимчиликтин басма сөз кызматы.

Маалыматтарга караганда, бул үйлөрдүн ордуна “Руханий-маданий борбор” салынат. Анын жалпы көлөмү 98 гектар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости