www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Америка Афганистанга бир триллионго жакын каражат салганы менен адилеттүү бийлик орното алышкан жок", - деди бүгүн, 23-августта NazarNews маалымат агенттигине саясатчы Бектур Асанов.

- Мамлекеттик система тазаланбаса, коррупция токтобосо элдин халифат курууга болгон ниети күчөй баштайбы?

- Бардык мамлекеттерде проблеманын башы коррупциядан башталат. Афганистанга Америка бир триллионго жакын каражат салганы менен адилеттүү бийлик орното алышкан жок. Ошон үчүн эл талибандарды колдоп, талибандардын бийликке келишине макул болду. Себеби, коррупциялык бийликти эч ким колдогусу да келген жок. Негизи коррупциялык бийлик морт болот. Биз деле үч революцияда көрдүк. Элдин аз эле бөлүгү көчөгө чыгып, бийликти алмаштырып коюшканына күбө болдук.

- Халифат курууну көздөгөндөргө террористтик уюмдун мүчөлөрүндөй мамиле кылыш керек, камап жазалаш керек дегендер чыга баштады. Бул маселеге кандай комментарий бересиз?

- Биз светтик өлкөбүз. Халифат курууну каалагандарды, аны пропагандалагандарды террорист катары жазалашыбыз керек. Социалдык сеттерде талибанды куттуктап, талибан жакшы дегендер чыга баштады. Өкүнүчтүүсү, террористтик уюмду колдогондор көбөйүп жатат. Мамлекетибиз светтик десек, мамлекеттик саясатыбыз демократиялык, адам укугун коргогон цивилизациялуу мамлекетти куруу болсо, анда диний бир идеологиянын алдындагы мамлекетти курабыз дегенге сөзсүз каршы турушубуз керек. Себеби, бир идеологиянын монополиясы эч качан дүйнө тарыхында өнүгүп, жыргап кетип, башка өлкөлөргө үлгү болгонун биздин тарыхыбыз көрсөтө элек. Ошондой эле талибандар демократиялык мамлекет курбасын ачык айтты. Ушундан эле биздин көз карашыбызга алардын идеологиясы дал келбесин билсек болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости