www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бектур иним, соттук ишиң эмне болуп жатат?
- Өзүңүз билесиз, бүгүнкү бийлик менин президенттик кызматка талапкерлигимди киргизбөөгө аракет кылып жатат. Сотту 10-декабрга жылдырып койду. Документтерди тапшыруу иш-чарасы 6-декабрда бүтөт. Акыркы каттоо 14-декабрь. 15-декабрда үгүт иштери башталат. 14-декабрь күнү биздин соттуулугубузду жойгон күндө дагы, мүмкүнчүлүгүбүздү аз калтырып жатат.
Биз муну менен токтоп калбайбыз, аягына чейин барабыз. Эгерде катталбай кала турган болсом, анда менин идеяларыма жакын адамды колдойм. Мен тараптан эч бир кылтыңдоо деген жок. Бийликтин каттабоо аракетинен улам эки күн ачкачылык жарыяладым. Болгон аракетимди жасап жатам.
- Өзүң айтып кеткендей, эгер талапкерлигиң катталбай кала турган болсо, кайсы бир талапкерди колдосоң керек?
- Дагы бир аз күн бар. Канча талапкер каттоодон өтөт, канчасы артка кайтат белгисиз. Ошенткен күндө да менин пикириме жакын, көз карашыбыз окшош 5-6 талапкер бар. Болбоду дегенде 2-3 талапкер кантип өтпөсүн? Мына ошол адамдар менен акыр аягына чейин иштешем. Күрөш уланат. Өзүбүздүн максат үчүн токтобойм.
- Конституциялык кеңештин жыйындары сизди ынандырып, купулуңузга толуп жатабы?
- Жоторку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаттары «чимкирик» парламент болуп, биздин мамлекетибизди учурдагы туңгуюкка кептеген күнөөкөр катары эсептелип келет, муну баарыбыз билебиз.
«Чимкириктик» деңгээлден чыга алышпады. Албетте, алардын арасында он чакты бычакка сап боло турган депутаттарыбыз бар. Көпчүлүктүн арасында көрүнбөй кетип жатат. Ал эми конституциялык кеңешмеге сөз жок, «чимкирик» дегенден артык болуп кетти. Капа болбой эле коюшсун.
«Дүжүр чалдар» же аксакал эмес «акшакалдар» армиясы болуп калышты. Кошоматка кой союп, жеке өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөп, бала-чакаларынын кичине кызматы үчүн бүтүндөй абийирин, намысын, сакалын саткан Кудай ургандар отурат!
Мындай катуу сөз айтпасак да болбойт. Аман эле болушсун, кантип окумуштуу даражаларын көтөрүп жүрүшөт билбейм. Мээлери тайкы, ойлору кылтыңдаган сборище чогулган. Аларды кантип тапкандарына мээм жетпей аңтаңмын. Эгер «жок Бектур, сен жаңылып атасың, мен андай эмесмин» дей турган бирөө-жарым чыкса, анда мен ал адам менен мандай-тескей дебатка чыгууга даярмын.
Булак: "Азия News" гезити