www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустагы таанымал спортчулардын бири, баскетболчу Алёна Левченко Александр Лукашенкого каршы нааразылык акцияларына катышканы үчүн кармалды. Минск шаардык администрациясынын басма сөз катчысы Алёна Левченконун кармалганын ырастаганын ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, «Спортчулардын эркин ассоциациясы» кыймылынын мүчөсү болгон Левченко 30-сентябрда дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кетер алдында Минск аэропортунда кармалды. Анын адвокаты Михаил Кирилюк спортчу уруксатсыз акцияга катышканы үчүн Ленин райондук милициясына жеткирилгенин билдирди.

Белгилей кетсек, Левченко - Беларустагы таанымал спортчулардын бири. Ал Беларустун улуттук баскетбол командасында, Орусиядагы жана АКШдагы командалардын курамында ойногон.

Буга чейин 350гө жакын беларус спортчулары Александр Лукашенкого ачык кат жазып, 9-августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга жана акциялар маалында кармалгандарды коё берүүгө чакырган.

Эске сала кетсек, Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоо өткөн. Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко акыркы шайлоодо жеңишке жетишкенин жарыялаганы менен, беларус оппозициясы анын жыйынтыгын таануудан баш тарткан. Андан бери өлкөнүн баш калаасы Минск баштаган бир нече аймактарында оппозициянын тарапкерлери нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат. Бул акцияга чыккандарды милиция күч менен таратып, айрым катышуучуларды кармап жатат. Бир катар Батыш өлкөлөрү Александр Лукашенкону Беларустун президенти катары тааныбай турганын жарыялашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости