www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-январда Рим шаарында 94 жаш курагында белгилүү италиялык мода жаратуучусу, Valentino мода үйүнүн негиздөөчүсү Валентино Гаравани дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу италиялык Corriere della Sera басылмасы кабарлады.

«Ал Римдеги өз үйүндө, үй-бүлөсүнүн мээримине бөлөнүп, тынчтыкта көз жумду», — деп айтылат Valentino Garavani фондунун Instagram баракчасындагы билдирүүдө.

Валентино Гаравани 1932-жылдын 11-майында Ломбардия аймагында төрөлгөн. 17 жашында Парижге көчүп барып, Chambre Syndicale de la Couture Parisienne окуу жайында билим алган. Андан соң Жак Фат, Баленсиага, Жан Дессе жана Ги Ларош сыяктуу легендарлуу мода үйлөрү жана дизайнерлер менен иштешкен. 1960-жылы ишкер өнөктөшү Джанкарло Джаметти менен биргеликте өзүнүн Valentino мода үйүн негиздеп, ал кыска убакытта эле дүйнөлүк деңгээлде таанылган.

Өзүнүн чыгармачылык жолунда модельер Жаклин Кеннеди, принцесса Диана, Софи Лорен, Одри Хепберн, Мерил Стрип, Джулия Робертс, Шэрон Стоун жана Гвинет Пэлтроу сыяктуу көптөгөн атактуулар үчүн кийимдерди жараткан

Последние новости