www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Азыр чындыгында республиканы талкалаган чоң күнөөлүүлөрдү издеп эч ким аракет кылган жок. Миллиард, миллиондогон зыян келтиргендердин артынан иш козгоп, эл аралык издөөгө салып, кармап келүүгө аракет жасалган эмес. Ал эми Садыр Жапаров өтө мекенчилдигинен улам запкы көрүүдө. Келечектүү саясий топ түзүү үчүн ушундай балдарды колдонуу керек эле.

Биринчиден ал издөөгө алынып, соттук чечим чыккан эмес. Аны чек арадан кармап келүү түшүнүксүз болууда. Бул жерде адамдардын укугу тебеленип жатат.

Митингдин катышуучуларын ур-соккуга алып, кармап кетүү дагы  жапайычылык. Демек, Жапаровдун аброю көтөрүлүп жатат деген коркунучтар болгон. Митингдерде башаламандыкты атайын жасаган үчүнчү жактар дагы болушу мүмкүн. Эки жакты каралатып, тирештирип, ортосунан пайда таап, бөлүп-жаруу саясаты бар.

Азыр Садыр Жапаров камакка алынып, бир жагынан анын аброю жогорулайт. Азыркы бийликтегилердин көпчүлүгү сокур саясатчы болууда. Бул жерде президентти адаштырып жаткандар дагы жок эмес. Бийликтин өзүнүн маданиятсыздыгы жана стратегиялык саясатынын жоктугу болуп эсептелинет.    

Булак: "Алиби"

Последние новости