www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамытов-Мадумаров спикер талашуусу Мамытовдун пайдасына чечилди. Себеби – добуш берүү жашыруун жүргүзүлдү. Мадумаров айткандай жүрөгүндө, дилинде аны колдогусу келгендер акчаны, бийликти колдоп кетишти.

Мадумаровду колдогондон көрө Мамытовду колдошуп, жумшак креслолорго отургусу келгендер көктөдү. Мамытовдун эң башкы атаандашы Улукбек Ормонов болгон. Мүмкүн, бир аз иштеп, ага өткөрүп берээр.

Талант Мамытов спикер болду дешип, ага эң акыркы үлгүдөгү супермоделдеги автомобиль тапшырат. Такең ага кирсе – жаркырайт, эч кынтыгы жок, бирок айдайын десе, рулу жок.

– Ой, мунун рулу кана? – дейт.

– Пульт менен иштейт да, – дешет.

– Пульту кана? – дейт Такең.

– Пульт деген Жапаровдо эмеспи, – дешет баштарын жерге салып депутаттар.

Бийликти көздөй сойлогон «Беш каман»: №4 Талант Мамытовго:

Шайлоодо чыгып чийинден,

«Шералы чокой» илинген.

Сандыкка салып бекемдеп,

Сактагам аны кийин мен.

 

Табылаар шылтоо себепке,

Жарайт деп жүргөм керекке.

Кабинет жакка илип кой,

Берейин сага белекке.

 

Спикер болуп көктөгүн,

Абайла бирок, көппөгүн.

Чокойду дайым карай жүр,

Чогулган анда өткөнүң.

 

Талант үкам, эстесең,

Акеңе катта «беш» десең.

Камгактай болуп учасың,

Каалаган күнү «кет!» десем.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости