www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы жылга балатыны кооздоо салты XVII кылымда Германияда пайда болгон. Байыркы немецтер балатыны алма, печенье, канттын бөлүктөрү менен кооздошчу.
1895-жылы алгачкы электр гирляндасы менен Американын Ак үйүнүн алдындагы балаты кооздолгон.
1843-жылы Лондондо алгачкы жаңы жылдык открытка басылып чыгарылган. Ошондон тарта жаңы жылга открытка берип куттуктоо салты пайда болгон.
Бишкек (мурунку Пишпек) 1895-жылы Орто Азия чөлкөмүндө алгачкылардан болуп балаты орноткон. Алматы шаарында 1913-жылы, Ташкентте 1955-жылы коюлган.
Дүйнө жүзүндөгү аяз аталардын тону кызыл түстө. Ал эми кыргыз аяз атанын тону көбүнесе көк болот.
Жаңы жыл майрамы - үй-бүлөлүк майрам. Кыргызстандагы бул майрамдын негизги атрибуттары - мандарин, оливье салаты жана шампан.
Булак: Азия News гезити