www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ойлонбой сүйлөгөн, онтогон ооруга чалынат” деп айтылгандай, өкмөт дагы жаңылып, туура эмес ишти көздөй кадам таштады. Албетте айтып койгон оңой, бирок, иш жүзүнө ашыруу чынында эле чоң эмгекти талап кылары да бар.
Айталы дегенибиз айып пулдун жогорулашы МАИ кызматкерлери үчүн абдан ыңгайлуу болуп, карапайым элге кыйын болду. Айткан сөзүбүз супсак болбос үчүн бүгүнкү эле болгон окуяны кеп кылсак, калганын да ойлонуп көргүлө. Маршурутка айдаган айдоочуну МАИ кызматкери кызылдан өттүң деп тосту. Бирок, МАИлер менен талашкан деңизден чуңкур казганга тете иш экенин жашырып да болбойт.
Айдоочу шашып келди да анан айтты “үч миң сомго жазам, болбосо беш жүз сом бер, миң сомго жазып берем” деп беш жүз сом алып, миң сомго штрафной талон жазып берди. Андан дагы айдоочулук күбөлүктү сурабай туруп эле, айып пул талап кылыптыр. Бул эми коррупцияга кенен жол ачылгандан белги берип жатпайбы. Айткандай мурда МАИлер 200 сомго ыраазы болсо, азыр ордунан миң сом алып жаткандары бул эми МАИлердин табитин ачып жатканы эмеспи.
Сөздүн кыскасы, билермандар ушул жагын кайра ойлонушса болот эле. Көчөлөр тар, машина көп, камералар коюлса тыгын азыркыдан да көп болору турган иш. Ушул жагы да эске алынды болду бекен? Кыскасы, мыйзам ишке аша электе эле бышпаганы билинип калып жаткансыйт. Дегенибиз, мындай кысымды көтөрө албай эл көтөрүлүп кетпесе болду.
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg