www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул окуя союз убагында азыркы Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай айылында болгон экен.
Жайлоодон айылга ат менен келе жатышкан эки жаш бала, өз ойлору менен алек. Анткен менен жай мезгилинин кечки салкын жели бетти аймалайт. Экөө айлананы караңгылык каптап калган кезде, агып жаткан чоң суунун кечмелигинен өтүп, жүз кадамдай алдыга жылып калган кезде кудум нур чачыраган кооз лампочкалардай болгон түстүү жарык алды жактагы жолдун жээгинен көрүнүп калат. Бул көрүнүшкө күбө болгон эки атчандын бири, тактап айтканда улуурагы аттын басыгын ылдамдатып келип эле жарык нурга жакын келгенде аттан скирип түшүп, сырт кийимин чече салып, аны менен жарыкты басып жыгылат да, чоң казына таап алган адамдай кубанып, аны кийимине ороп атына минип үйүнө келет. Оюнда кутту кармап алгандай сезет. Укканы бар эле да “кут караңгыда жарык болуп көрүнөт” деп. Анткен менен үйүнө келип кийимге оролгон нерсени жерге коюп ачса таш, аттын тезеги болуп чыгат. Бул окуяга таң калган алиги жаш бала эртеси күнү айылдын көптү көрүп, көптү билген аксакалына келип көргөн билгенин айтып берет. Ошондо карыя айтылган сөздү ынта коюп угуп анан минтип айткан экен:
-Кап, балам, жаштык кылган экенсиң. Сага көрүнгөн нерсе кут. Кутту да туура кармап, туура пайдалана билиш керек. Андай кут жөн адамга көрүнбөйт, жакшы иштерди жасап, элге эле эмес жан-жаныбарларга дагы жарыгы тийген адамга гана көрүнөт. Эмне иш кылдың эле?-деп сураганда тиги бала айткан экен:
-Эч деле кыйраткан иш кылган эмесмин. Болгону кечээ кой кайтарып жүрүп, талаада уктап калган улакты кармап алып, от кубалап алыстап кеткен койлорго барып, баласын издеп жүргөн эчкиге улагын таап бергеним болбосо башка эч деле иш кылган эмес элем-деп атканда карыя баланы карап:
-Жок, сен билинбегени менен абдан жакшы иш кылган экенсиң. Бир эле адам баласы эмес, болгон жан-жаныбарлар үчүн да бала баарынан кымбат. Сен эчкини ыраазы кылганың үчүн сага кут көрүнгөн. Бирок, кутка сен туура эмес мамиле кылган экенсиң. Сен баарын сырт кийим менен чүмкөп, кутту чочутуп салыптырсың. Ал көрүнгөн нерсенин кичинесин эле алып, таза чүпүрөккө ороп, чөнтөгүңө салып алып келсең болмок. Бул дагы билбестик. Андай нерсеге эми дагы жолуга турган болсоң, аяр мамиле жасагандай бол-деп карыя билгенин айткан экен. Бирок, андан бери кырк жылга чукул убакыт болду, бирок алиги киши андай кутка жолуга элегин айтып, бир келген кутту кармай албай калганына өкүнүп келет.
Укканын жазган Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg