www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын башчысы Албек Ибраимовго, шаарбык кеңештин депутаттары ишенбөөчүлүк жарыялашкан. Ал, жакында кызматынан кетиши күтүлүүдө. Бишкек шаарынын тургундары болочок мэр тууралуу өздөрүнүн талапкерлерин сунуштап, интернеттен талкуулап жатышат. Белгилүү блогер Жанара Муратова Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты Жамалбек Ырсалиевдин талапкерлигин жактап жазып чыкты.

"Бүгүн, Ош шаары мэрлүү болду. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов болсо УКМКнын сурагына келбей, шаарды таштай качып жок. Акыркы жолу арпа буудайдын арасынан чыга калып кайрылуу кылганын көргөнбүз.

Эми, ал эмне болгон күндө дагы депутаттар ишенбөөчүлүк кылган соң кызматынан алынат. Калаабызга жаңы мэр шайланат. Мен, Бишкек шаарына улуу муун менен жаштардын ортосундагы курактагы Жамалбек Ырсалиевдин мэр болушун каалайт элем. Ал, тажрыйбасы мол, чарбачыл, шаар турмушу менен тааныш адам.

Мурда, Шаардык кеңештин депутаты болуп иштеген. Өндүрүштүк тармакта көп жылдык тажрыйбасы бар.

Жоктон барды кылган, уюштургуч сапатка ээ. Мисалы, акыркы жолу эле анын уюштуруусу менен Бешбармак Гиннестин рекорддор китебине кирди",-дейт Жанара Муратова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости