www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийлик такыр тескери жолго түштү. Мунун арты жакшы болбойт. Мына КСДПны экс-президент Алмазбек Атамбаевден тартып алып, «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын баштап бакырып жүргөн Сагынбек Абдрахмановго алып берип койду.
Абдрахмановдун КСДПга таптакыр тиешеси жок. Ал мурун эле КСДПнын курамынан чыгарылган. Болгондо дагы азыркы президент Сооронбай Жээнбековду КСДП президенттик шайлоодо бирдиктүү талапкер катары көрсөткөндө, Сагынбек чыр салып каршы чыккан.
Натыйжада, партиядан чыгарылып, өзүн-өзү талапкер катары көрсөтүп, кол чогулта албай шаабайы сууган. Эми ошол өзүнө каршы чыккан адамды Жээнбеков кайра Атамбаевге каршы иштетип, партиясын тартып алып берип койду. Коомчулук бул жагдайды бийлик рейдерликке расмий жол ачты деп сындашты. Эми мындан ары кимдир бирөөнүн бизнесин, партиясын тартып алуу оңой...
Мына Юстиция министрлиги: "5-апрелде Абдрахмановдон КСДП-нын жетекчисин, саясий кеңештин курамын жана саясий партиянын жайгашкан жерин алмаштыруу жөнүндө маалымдама келип түшкөн. Ага партиянын 3-апрелде өткөн 18-съездинин протоколунун көчүрмөсү жана жаңы жетекчинин (Сагынбек Абдрахмановдун) паспортунун көчүрмөсү тиркелген",- деп сүйүнчүлөп, «мыйзамды буйлаланган төөгө» айлантышты.
Алар Абдрахмановдо устав, партиянын мөөрү жоктугуна, КСДПга тиешеси жоктор конференция өткөрүшүп партияны талашып жатканын уруп ойношкон жок. Болгон жүйөлөрү "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын башчысы Сагынбек Абдрахмановдон кат келген экен, баса калышып «КСДПнын жетекчиси катары Сагынбек Абдрахманов, партиянын жайгашкан жери катары Эркиндик 45 дареги», -деп каттап салышыптыр.
Мындай нерсе «токмогу күчтүү болуп, кийиз казык жерге киргенде» ишке ашат. Демек, Юстиция министрлигине Ак үйдөн басым болуп, алар ийиненин көзүнөн өтүп кетишкен... Бекер жеринен Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина: «Юстиция министрлигине басым кылып, партияны кайра каттоого алдырышты. Бул бийликтин алсыздыгы.
Сагынбек Абдрахманов деген ким? Атамбаевсиз КСДП» кыймылы эч жерде катталган эмес», - деп сынга алып жаткан жок.
Кызыгы, Абдрахманов шаңыраңдап экс-президент Алмазбек Атамбаев партиянын уставын, гербин, мөөрүн жана акчасын кайтарып бериш керектигин айтып, «Биз Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго КСДП-нын жетекчилиги алмашканы, эми банктын которуулары жана башка аракеттер Абдырахмановдун гана колу менен жүрөрүн айттык», - деп жерге ток-тобой жетине албай жүрөт.
Албетте, мындай баскынчылык жерде калбайт. Бийлик жаман жөрөлгөгө жол ачты.
Айткандай, экс-президент Атамбаев бул ишке байланыштуу Юстиция министрлигинин жетекчилиги менен кызматкерлерин, министрликтин ишин тескеген президент менен өкмөттүн аппаратындагы жетекчилерди суракка алып, жоопкер-чиликке тартууну, КСДПнын бузулган укуктарын тезинен калыбына келтирүүнү Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон талап кылды. Бул боюнча КСДПнын маалымат кыз-маты:
"Мыйзам бузган жо-рук даярдалып жатканы боюнча алдын-ала толук маалымат берилген. Бирок Юстиция министрлиги өлкөнүн экс-президенти жетектеген ири саясий партиянын эскертүүсүн көңүл сыртында калтырып койгон.
Мындай мамиле акыркы алты айдан бери уланып келүүдө. Бул көрүнүш министр менен орун басарларынын жазаланбай турганына ишеними күч экенин көрсөтүп турат", -деп кайрылуу таратты.
Булак: Фабула