www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
Мурда Кыргызстандын ички дүӊ өнүмүнүн оодук бөлүгүн айыл чарба менен өнөр жай тармактары түзсө, азыркы учурда тейлөө кызматын көрсөтүү тармагы ИДӨнүн 50 пайызы менен алдыга чыкты. Ошондуктан, тейлөө кызматын карап отура бербей, айыл чарбасын өнүктүрүү зарыл. Бул тууралуу Экономикалык университеттин «Финансы жана кредит» кафедрасынын башчысы Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2021-2022-жылдарга болжолунун долбоору боюнча коомдук талкуунун жүрүшүндө билдирди.
“Кыргызстандын экономикасы үчүн инфляциянын 3,5 пайыздык көрөткүчү стагнация, тагыраак айтканда, солгундоо болуп саналат. Өлкө экономикасынын өнүгүшүнө түрткү берүү үчүн инфляциянын деӊгээлин бир аз көбөйтүү керек. Ошондон улам, Улуттук банк доллардын кунун кармап турууга аргасыз болууда, анткени калктын төлөө балансы өтө төмөн Аймактарды өнүктүрүү жаатында деле абал анчалык эмес. Мисалы, 2018-жылы канча айыл өкмөтү дотациядан чыкты? Чыккан жок, анткени өнүгүү болгон жок. Аймактарды санариптештирүү абалы деле ошондой”, - деди экономист.
Депутат Марлен Маматалиев аймактарды санариптештирүү маселесине кайрылып, быйыл Кыргызстан Digital CASA долбоорунун алкагында 50 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя алганын эске салды. “Мына ушул каражаттын бир бөлүгү өлкөнүн региондорун санариптештирүү багытында жумшалат”, - деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, Бюджет жана финансы боюнча комитетинин демилгеси менен Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2021-2022-жылдарга болжолунун долбоору боюнча коомдук талкуу өтүп жатат. Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда.
Булак: NazarNews.kg