www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Түрк Кызматташтык жана өнүктүрүү башкармалыгы (ТИКА) "3D моделдөө жана анимация", "Графикалык дизайн", "Веб дизайн", "Аудио жана видео монтаж" жана "Тигүү-бычма" курстарынын 4-этабынын бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшырды. Аталган азем Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борборунда өтүп, Туркия Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов, ТИКАнын вице-президенти Рахман Нурдун, Кыргыз улуттук китепкананын мүдүрү Жылдыз Бакашова, ТИКАнын Кыргызстандагы координатору Али Муслу жана сертификат алуучулар катышты.
Сертификат тапшыруу аземине курстарга катышкан окуучулар даярдаган Веб сайттары, графикалык дизайн иштери, кыска тасмалар, муну менен катар 3D моделдөө курсунда 3D принтерден чыгарылган буюмдар көрсөтүлдү.
Аземде сөз сүйлөгөн Эмгек жана Социалдык өнүктүрүү министрдин орун басары Токтосартов: "Учурда актуалдуу болгон курстарды тандап ТИКА абдан туура чечим кылыптыр жана бул курстарды бүтүргөн жаштар өлкөбүздүн келечеги болуп эсептелет, ошондуктан бул курстар келечекке салым. Социалдык өнүктүрүү министрлиги катары бул курстардын көбөйүшүн каалайбыз, алдыда министрлигибиз, Билим берүү министрлиги жана ТИКА менен үч тараптуу кызматташтык менен аталган курстардын өнүктүрүүлүшүнө тилектешмин."- деп айтты.
ТИКАнын вице-президенти Нурдун: "Баарыңыздарды бул курстарды ийгиликтүү аякташыңыздар менен куттуктайм. Бул жакка келе жатканымда адаттагыдай бир сертификат тапшыруу аземи болот деп ойлогом, бирок сиздердин кылган эмгегиңиздерди көргөндөн кийин бул курстардын өтө пайдалуу жана маанилүү болгондугун түшүндүм. ТИКА уюму катары бул сыяктуу кесиптик курстардын мындан дагы өнүгүшүнө жана жайылышына аракет кылабыз."- деп айтты.
Туркия Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Фырат, бул сыяктуу курстардын өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүшү керектигин жана мунун үчүн КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги жана ТИКА ортосунда кызматташуунун бекемделиши керектигин белгилеп кетти.
Эки айлык аралык менен өткөрүлгөн курстарды жалпы 77 катышуучу ийгиликтүү аяктады.
Булак: NazarNews.kg